Тайланддагы шайлоодо өзгөрүүнү жактагандар жеңишке жетти

Тайланд. Иллюстрация.

Тайланддагы шайлоодо оппозициялык партиялар парламенттеги көпчүлүк орунду ээлешти.

Өзгөрүүлөрдү сунуштаган "Алга карай" жана "Тайлар үчүн" партиялары парламенттеги 500 орундун 293үн жеңип алды. Алар буга чейин коалиция түзгөн.

2014-жылы аскердик төңкөрүш менен бийликке келген Тайланддын азыркы премьер-министри Прают Чан-Очанын партиясы 36 гана мандатка ээ болду.

"Алга карай" партиясы экономикада, армияда жана монархияны коргогон мыйзамдарды кескин өзгөртүүлөрдү жактайт. Бул талаптар 2020-жылы студенттер жигердүү катышкан нааразылык акцияларында айтылган. Анда “Алга карайдын” бир нече өкүлү митингдин лидерлери болушкан. Анын 42 жаштагы төрагасы Пита Лимчароенрат өлкөнүн жаңы премьер-министри болууга даяр экенин мурда билдирген.

Дагы караңыз

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү аял камакка алынды WP: Пригожин украин чалгынчыларына кызматташууну сунуштаганТүркия: Эрдоган алдыда, бирок шайлоо экинчи айлампада чечилиши мүмкүн