Министр Кулубаев Батыштын ыктымал санкциялары боюнча комментарий берди

Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Батыш мамлекеттеринин ыктымал санкциялары тууралуу комментарий берди. Ал Орусиянын “Россия-1” телеканалынын “Москва. Кремль. Путин” программасынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан өзүнүн эрежелерин сактай турганын айтты.

“Ооба, Батыштагы биздин өнөктөштөрүбүз мүмкүн болуучу санкциялар тууралуу айтып жатышат. Бирок биз өзүбүздүн эрежелерибизди сактайбыз жана мен эч кандай көйгөйлөрдү көрбөй турам”, - деди Кулубаев.

Апрель айынын аягында Кыргызстанга АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод келип кеткен. Алар кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчилери менен Украинага каршы согуш ачканы үчүн Москвага салынган санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотууга байланыштуу жолугушууларды өткөргөн.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид да 26-28-апрель күндөрү Бишкекте болуп, Москвага каршы киргизилген санкцияларды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолукту.

Март айынын аягында болсо Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300% чейин өскөнүн, санкцияны колдобогондор Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшпөшү керектигин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

ЖМК жөнүндө мыйзамдын бешинчи варианты иштелип чыкты Акыйкатчы институтунун айрым кызматкерлери өз талапкерин сунуштадыИслам өнүктүрүү банкы Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоого каражат берет16-майдын аба ырайыЛюдмила Молдалиеванын "Мен-кыргызмын" китеби жарык көрдү