Өзбекстанда “Улуттук кайра жаралуу” (“Миллий Тикланиш”) партиясы Либерал-демократтар партиясы (УзЛиДеП) президенттикке талапкерлигин сунуштаган азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди колдоду.
8-майда Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол коюп, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону 9-июлга белгилеген.
Өзбекстанда 30-апрелде Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу референдум өткөн. Анда Конституцияны өзгөртүү сунушун добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 90,21% колдоп, 9,35% каршы болгон.
Референдумга ылайык, президенттик мөөнөт эми беш жылдан жети жылга узартылат. Муну менен Мирзиёевге 2040-жылга чейин бийликте отурууга жол ачылды. Ал Өзбекстанга ондогон жыл темирдей башкаруу орноткон Ислам Каримовдун көзү өткөндөн кийин, 2016-жылы бийликке келген. (BTo)
Дагы караңыз
Түркияда президенттик шайлоодо бир дагы талапкер 50% чектен өтө элекТүркиядагы шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Эрдоган алдыдаТүркияда добуш берүү аяктадыТалас облусунун жетекчилиги УКМКнын билдирүүсүн четке кактыАрмения жана Азербайжан лидерлери Брюсселде жолугушту