2023-жылдын аягына чейин аягына чейин республика боюнча 204 мектеп жана 49 бала бакчанын курулушун аяктоо пландалууда.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Боз-Бармак айылында жалпы орто билим берүү мектебинин курулушуна капсула салуу иш-чарасында билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу күзгө чейин бүтөт.
"Бул мектептин ачылышы менен үч чакырымдан ашуун алыс жайгашкан коңшу айылда буга чейин билим алып келген мектеп жашындагы балдарды камтууга шарт түзөт. Мектептин бүтүрүүчүлөрү келечекте чыгаан окумуштуу, дарыгер, инженер, жазуучу болуп чыгып, өлкөбүзгө дүйнөлүк атак-даңк алып келет деп ишенем", - деди Акылбек Жапаров.
Буга чейин Акылбек Жапаров өлкөдөгү авариялык мектептер үч жылдын ичинде курулуп бүтөрүн билдирген. Ал быйыл курулушу 50 пайыздан өткөн мектеп жана бала бакчалар бүткөрүлө турганын айткан.
Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин жаңы тизмесине 301 мектеп киргенин Жогорку Кеңештин “Мекенчил” депутаттык тобунун 10-февралдагы жыйынында Курулуш жана инженердик инфраструктура департаментинин директору Гүлмира Жумабекова билдирген.
Кыргызстанда айрым айылдарда балдар эскилиги жеткен имараттарда окуп жатканы тууралуу маселе көптөн бери көтөрүлүп келет.
2022-жылдын 17-майында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылындагы орто мектепте сабак учурунда класстын шыбы урап түшкөн. Кырсык болгон учурда кабинетте мугалим жана 16 окуучу болгон, алардын баары аман калган. Ушул жылдын 21-ноябрда президент Садыр Жапаров авариялык абалдагы 80 гана мектеп калганын, алар өткөн кылымдын 60-70-жылдары курулган жайлар экенин билдирген. (КЕ)
Дагы караңыз
Зеленский Римде Италиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугуштуБазар-Коргондо турак үйлөрдү сел каптадыАба ырайы: тоолордо кар жаайтСадыр Жапаров камактагылар шайлоодо үгүт ишин жүргүзө албасын айтты