Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Зеленский Римде Италиянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелони. Рим, 13-май, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Италиянын премьер-министри Жоржиа Мелони. Рим, 13-май, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-майда Италияга барып, бул өлкөнүн президенти Сержио Маттарелла жана премьер-министр Жоржия Мелони менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу Зеленский өзүнүн Телеграм-каналына жазды.

"Украинаны колдоодогу ырааттуу позициясы үчүн ыраазычылык билдирем. Биз мамлекетибизге Орусиянын агрессиясына каршы турууга мүмкүнчүлүк берген маанилүү аскердик жардамды баалайбыз. Италия бул согушта чындык тарапта болгон жана болуп жатат", - деген ал билдирүүсүндө.

Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони басма сөз жыйынында согушта Украина жеңишке жетишерине ишеним артып, Орусия Украинанын аймагынан чыгып кетиши керектигин кошумчалады.

"РБК-Украина" сүйлөшүүлөрдө "Украинанын аба мейкиндигин коргоо боюнча маанилүү чечимдер" тууралуу кеп болгонун Зеленскийдин айткандарына шилтеме кылып жазды. Сүйлөшүүлөр тууралуу башка маалымат берилген жок.

Мындан сырткары Зеленскийдин айтымында, Мелони менен сүйлөшүүдө "тынчтык формуласын" ишке ашыруу талкууланган.

"Биз талкуулаган үчүнчү маселе - Европадагы кызматташтык. Италия Орусиядан энергетикалык жактан көз карандысыздыгын бекемдөө менен маанилүү нерсе жасады. Санкциялар мунун элементтеринин бири", - деди Зеленский.

Ушул эле күнү кечинде Зеленский Рим папасы Франциск менен жолугушту. Анын мындан кийинки сапары Германияга болору күтүлүүдө. Ал жакта ага Карл сыйлыгы тапшырылары айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG