Путин элдин чет өлкөлөргө агымын азайтуу тууралуу жарлыкка кол койду

Мобилизациядан кийин Казакстандын чек арасындагы өткөрүү пунктунда кезекте турган орусиялыктар.

Орусиянын президенти Владимир Путин 12-майда Мамлекеттик миграциялык саясат концепциясына өзгөртүүлөрдү киргизген жарлыкка кол койду. Анда калктын өлкөдөн чыгып кетишинин алдын алуу боюнча чараларды көрүү каралган.

Документте айтылгандай, "2022-жылы социалдык-экономикалык шарттардын өзгөрүшүнүн таасири астында Орусиянын калкынын чет өлкөлөргө миграциялык агымы көбөйгөн". Мындай шарттарга эмне кирери түшүндүрүлгөн эмес.

2022-жылдын 24-февралында Путиндин буйругу менен Орусия Украинага бастырып кирген. Ошол эле жылдын сентябрь айында мобилизация жарыялаган. Ушундан кийин Орусиядан жүз миңдеген адамдар чыгып кеткен. Орусиялыктар өлкөдөн чыгып кеткен учурлар башка айларда дагы катталган, бирок алардын саны мобилизация жарыяланган кездегидей көп эмес.

Концепцияда Орусия аннексиялап алган Украинанын төрт облусунун, Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсондун тургундарынын кайтып келүүсүнө шарт түзүү пункту дагы киргизилген. Шарттар же көрүлчү чаралар боюнча маалымат берилген эмес. Мында кеп Украинанын жарандары жөнүндө болуп жатат. Орус бийлиги алардын Орусия көзөмөлдөгөн аймактарга кайтып келиши үчүн кандай шарт түзүүнү көздөй турганы түшүнүксүз.

Жарлыктын дагы бир пунктунда Орусиянын аймагында "чет элдик жарандарды эмгекке уюшкандыкта тартууну күчөтүү" тууралуу да жазылган.


Украин президенти Владимир Зеленский апрелде Пасха майрамына карата жолдогон кайрылуусунда Киев орус күчтөрү ээлеп турган аймактарды бошоторун белгилеген.

Буга чейин Эл аралык кылмыш сотунун кармоо ордерине туш болгон Владимир Путин орус армиясына Украинанын Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарын толук көзөмөлгө алуу буйругун берген. Москва бул аймактарды аннексиялаганын жарыялаган, бирок ал аймактардын бир тобу Украинанын көзөмөлүндө. Эл аралык коомчулук Кремлдин украин аймактарынын аннексиясы тууралуу чечимин тааныбайт. (КЕ)

Дагы караңыз

Кочкор-Ата: 40тан ашуун окуучу ууланган мектеп карантинге жабылдыТокмок, Талас, Каракол шаарларынын башчылары алмаштыНарын университетинин магистрлик борборунун башчысы пара берген деп шек саналууда "ЛЭР күнүндө" Луганскиде эки жолу жарылуу болду