Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:25

Токмок, Талас, Каракол шаарларынын башчылары алмашты


Токмок.
Токмок.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаев жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта Самаев берген арызына ылайык, Шабданов башка ишке өткөнүнө байланыштуу кызматтан алынганы белгиленген. Мамлекет башчынын дагы бир тескемесине ылайык, Максат Нусувалиев Токмок шаарынын, Эрмат Жумаев Талас шаарынын мэри, Чыңгыз Бапаев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды.

Урматбек Самаевди УКМК "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупцияга байланыштуу 17-апрелде кармаган.

Тергөө учурунда бир катар үйлөр "Токмок жылуулук" ишканасынын борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулганы аныкталганы жарыяланган. Коррупцияга шек саналып кармалган Самаев тергөө аяктаганча камакка алынып, Октябрь райондук соту прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде аны үй камагына чыгарган.

Ушул жылдын башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, шаардык кеңештин вице-спикери Азиз Курамаев жана шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев кармалганын кабарлаган. Алар Талас шаардык мэриясында жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп шек саналууда. Атайын кызмат марттын башында Талас шаарынын вице-мэри жана шаардык кеңештин жетекчилери бюджетке 3 миллион сом кайтарып бергенин билдирген. Камалгандар буга чейин мамлекетке 5 миллион сом кайтарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG