Базарбаев "социалдык келишим" 9,5 миң адам менен түзүлгөнүн айтты

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагындагы сертификат.

Жогорку Ке неште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын 12-майдагы жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев быйыл "социалдык келишимдин" негизинде 100 миң сомдон 10 миң адамга берилерин, учурда анын 9,5 миңи алганын билдирди. Аларды тандап алуу шартын, эреже-жобосун учкай түшүндүрдү.

"Тандоо эки айлампа менен өтөт. Биринчи этап, айыл өкмөттун деңгэлинде. Анда айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары тандайт. Андан кийин алар тзмени районго жөнөтөт. Акимдин орун басары жетектеген комиссия корутунду чыгарат",-деди Базарбаев.

"Социалдык келишим" долбоору президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү чараларынын бири катары 2022-жылдан тартып ишке ашырылып жатат. Былтыр 2800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.

Бул долбоордун катышуучусу "Үй-бүлөгө көмөк" же балдардын жөлөк пулунан баш тартат. Үч ай аралыкта жөлөк пул берүү токтотулат. Анын ордуна 100 миң сом сертификат берилет. Акчаны алган адам аны тиешелүү максатта иштете албай, жашоосу оңолуп кетпесе, мыйзам чегинде үч жылдан кийин кайрадан жөлөк пул алууга өтүнүч берүүгө укуктуу.

Дагы караңыз

Аймактык жана муниципалдык кадрлар резервинде 2767 адам турат Чикаго: Болотбек Борбиев менен Дональд Лу алака-катышты талкууладыКөп кабаттуу үйлөрдүн сапатын мекемелер аралык комиссия текшерет Байсалов өлүм жазасын киргизүүгө өкмөт каршы турарын билдирди АКШ түштүк чек арасын мыйзамсыз миграциядан коргоону күчөттү ИИМ: эки айда мас абалында машина айдагандар дээрлик 50% азайды