Баткен: курулуш материалдарын саткандардын дооматы териштирилет

Баткенде облустук администрациянын алдында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөр үчүн курулуш материалдарын саткан ишкерлер нааразылыкка чыккан.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта күйгөн үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн курулуш материалдарын саткан ишкерлердин арызын териштирүү башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

"Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө чек ара аймактарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүндө курулуш компаниялары менен кызматташып, бирок акчаларын ала албай калган ишкерлер келген. Алар курулуш материалдарын жана азык-түлүктөрдү насыяга берип, акчасын ала албай жатканын айтышкан. Ишкерлер менен президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жолукту. Ишкерлердин арызы укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, териштирүү иштери башталды",- деп жазылган маалыматта.

Ишкерлер 11-майда Баткен облустук администрациясынын алдында нааразылыкка чыгышкан. Алар Достук айылын калыбына келтирген өзбекстандык ишкер алардан 7 миллион сомдон ашык акчага курулуш материалдарын алып, төлөбөй качып кеткенин айтып, аны менен келишим кандай шартта түзүлгөнү тууралуу түшүндүрмө берилишин талап кылышкан.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште Баткендеги курулушка байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Нурлан Ражабалиев анда президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, курулуш иштери начар экенин, курулушчулар айлык ала албаган учурлар, курулуш материалдарын саткандардын маселеси бардыгын айтып, чара көрүлүшү керектигин билдирген.

"Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту "Аманат курулуш инвест" компаниясы алган. Ал "Доор курулуш" деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып дагы башка жалданма компанияларга таратып салган. Эки айда бүтүрөбүз деген жумуш мына, жетинчи айга кетип жатат, бүтө элек. Биздин жарандарыбыз үйлөрүнө кире албай жүрөт. Куруучулар айлык-маяналарын бүгүнкү күнгө чейин ала албай жүрөт. Ошол жердеги дүкөндөрдөн канчалаган материалдар алынган экен. Тамак бышырып иштеген ашпозчулар бар экен. Субподрядчы менен ал жалдаган суб-субподрядчынын ортосундагы мамиледен биздин эл кыйналып атат. Андан сырткары Өзбекстандан дагы жумушчулар келип иштеген экен, алар дагы акчасын күтүп кете албай жүрүшөт",- деген Ражабалиев.

Анын алдында “Ишеним” фракциясы Баткенде курулуп жаткан үйлөр боюнча Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун орун басары Азирет Акимовдун маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар курулуш кечеңдеп жатканын сынга алышкан.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кандуу кагылышта 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган, талкаланган турак жайлар бар экенин маалымдаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар.

Дагы караңыз

Казак тарапта калган жер маселеси: Чүй дарыясына жумушчу топ барат ТИМ Орусиянын миграция мыйзамындагы өзгөрүүнү эскертти Жогорку Сот БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп тапты Конституциялык сот шайлоо күрөөсүнүн көптүгү жөнүндө арызды карайт Финансы министрлиги: жээк бекемдөө, селден коргоого 198,5 млн. сом бөлүндү