Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:33

Жогорку Сот БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп тапты


Акылбек Эшимов.
Акылбек Эшимов.

Жогорку Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү, ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу айып тагылган Акылбек Эшимовду күнөөлүү деп тапты. Муну менен Бишкек шаардык сотунун Эшимовго байланыштуу өкүмүн күчүндө калтырды.

Эшимовду Биринчи май райондук соту "кылмыштын курамы жок" деген негизде былтыр апрелде актаган. 2022-жылы октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарган. Ага ылайык, Эшимов күнөөлүү деп табылып, үч жылдык мөөнөткө пробациялык жаза өтөө тууралуу өкүм чыгарган.

Улуттук коопсуздук комитети 2021-жылы сентябрда Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалганын билдирген. Атайын кызмат Эшимов "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн маалымдаган. Акча 2020-жылы июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген.

2021-жылдын аягында парламентте Эшимов БШКдан кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган. Бирок көп өтпөй, 2022-жылдын башында кайра жумушка чыкканы, кызматтан кетүү арызын кайтарып алганы белгилүү болгон.

БШК жана Акылбек Эшимов Жогорку Соттун чечимине байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG