Казакстан Орусияга кирген электроника товарларына бажы көзөмөлүн күчөттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстан Орусияга өткөрүлгөн электроника товарларына бажы көзөмөлүн күчөттү. Казакстан аркылуу Өзбекстандан дагы товарлар алынчу.

Бул эки мамлекет тең Samsung, LG, Bosch, Electrolux сыяктуу компаниялардын ири импортоочусу болуп эсептелинип келген.

Соодагерлер электрониканы Кыргызстан, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарынан ташый баштагандыктан, Орусияда баа 10-12% кымбаттады.

Казакстан Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө өз аймагын колдонууга жол бербестигин апрель айынын башында тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко билдирген. Анын айтымында, 1-апрелден баштап Орусияга импорттолгон товарларды көзөмөлдөгөн система иштеп баштады.

Расмий маалыматка ылайык, Орусия менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2022-жылы эки миллиард долларга жогорулап, 26 миллиард долларды түзгөн.

Буга чейин Евробиримдик Орусияга каршы санкциялардын 11-айлампасында Москвага чектөөлөрдү бузуп өтүүгө көмөк көрсөтүп жаткан үчүнчү мамлекеттерге да чара көрүшү мүмкүндүгү, алардын арасында Казакстан да бар экени кабарланган.

Дагы караңыз

Ала-Букада Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык жаран кайтарылды"ВИЧ жукканын укканда элден качтым". Аялуу топтун азабын укпаган талкуу ЖКда "Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу сунушу четке кагылды