Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Ала-Букада Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык жаран кайтарылды


Ала-Бука аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ала-Бука аймагындагы кыргыз-өзбек чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы Ала-Букада жайып жүргөн койлору менен кошо Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык жаранды 9-майда үйүнө кайтарды.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 7-майда Ала-Бука районундагы "Май" чек ара тозотунун жетекчисине райондун Кара-Үңкүр айылынын тургуну Абдукарим Анарбаев кайрылган. Ал кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүргөн Медербек Исмаилов аттуу чабан дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Издөө иштери натыйжа бербегенден кийин чек ара тозотунун өкүлү өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшкөн. Анда Өзбекстандын Янгикурган тилкесиндеги чек ара кызматынын өкүлү кыргызстандык чабан чек араны бузганы үчүн кармалганын билдирген.

9-майда эки тараптын чек арачылары жолугуп, Медербек Исмаилов 702 жандыгы менен чогуу Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

Маалыматка ылайык, чек арага жакын жайылып жүргөн мал Өзбекстан тарапка өтүп кеткенде чабан аларды кайтарып келүү үчүн чек араны бузууга мажбур болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. Ал бул күндү тарыхый күн деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG