АКШ Украинага абадан коргонууга дагы 1,2 миллиард долларлык жардам бөлөт. Бул тууралуу расмий Вашингтон 9-майда жарыялай турганын Associated Press агенттиги жазды. Маалыматка караганда, жардамдын ичине Hawk абадан коргонуу системалары, зениттик каражаттар жана учкучсуз апараттар кирет. Андан тышкары артиллериялык системалар, ракеталар жана курал-жабдык жөнөтүлөт.
Буга чейин 3-майда АКШ бийлиги Украинага 300 миллион долларга аскердик жардам бөлгөн. Ага HIMARS ракеталык системаларына ок-дары, танктарга каршы системалар, миналар, артиллериялык снаряддар, жогорку тактыктагы авиациялык ок-дарылар, «жер-аба» классындагы чакан аралыктагы Hydra-70 авиациялык ракеталары кирген.
Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында кол салган. Андан бери НАТОго мүчө мамлекеттер Киевге коргонууга миллиарддаган долларга аскердик, каржылык жана гуманитардык жардам көрсөтүп келишет. Кошмо Штаттар жалпысынан 71 миллиард доллардан ашуун каражатка жардам берсе, Британияныкы он миллиарддан ашты, Германия жети миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн.
Буга чейин Орусиянын өкүлдөрү Украинага көрсөтүлгөн Батыштын жардамы тууралуу "анын кесепти жаман болушу мүмкүн" деген комментарий беришкен.
Дагы караңыз
Москвадагы парад: Путин Борбор Азияга таасирин көрсөткүсү келетОрусия Жеңиш күнүн Украинада согуш күчөгөн маалда белгилеп жататЕврокомиссия төрайымы Киевге Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин барды Кулубаев: Москва Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет