Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:54

Кулубаев: Москва Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусу тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине маек курду. Анда ал Жапаровдун Москвага парадга ардактуу конок катары чакырылышын Кремль "кыргыз элинин Жеңиш күнүнүн келишине кошкон салымына өзгөчө маани берери" менен байланыштырды. Эки лидер тар чөйрөдөгү жолугушууда саясий алака-катышты талкуулаганын билдирди.

"Эки тарап тең Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда эч кандай карама-каршылык жоктугун белгилешти. Бул бизге соода-экономикалык, ивестициялык жана маданий-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Орусия Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө чоң маани берет, ошондуктан алар орус программасы менен сабак өтүлгөн Кыргызстандагы тогуз мектепти куруу планын дагы бир жолу белгилешти",-деди Кулубаев.

Министр ошондой эле жолугушууда миграция маселелери талкууланганын, анда кыргызстандык мигранттардын даярдыгы жакшы экени, орус тилинен экзамен тапшырбасы жана жакшы жумуштарга иштери айтылганын кошумчалады.

Кыргызстандагы орус тил маселеси Садыр Жапаровдун Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуусунда дагы көтөрүлгөнү белгилүү болгон.

Мамдуманын расмий сайтына жарыяланган кабарда Жапаров жолугушууда "Кыргызстанда орус тилин сактоо саясатынын маанилүүлүгүн белгилени" көрсөтүлгөн. Анда кыргыз мамлекет башчысынын "Мен президент жана укуктардын жана эркиндиктердин гаранты катары бул маселеде бардык манипуляцияларга кескин каршы турам. Орус тили бизде болгон жана боло берет. Ал Конституция менен бекемделген", - деген сөзү берилген.

Кыргызстандын президентинин сайтында бул жолугушууда орус тил маселеси көтөрүлгөнү тууралуу жазылган эмес.

Садыр Жапаров Орусияга 7-майда расмий сапар менен барган. Ал бүгүн, 9-майда Москвада Жеңиш күнүнө арналган парадга арадактуу конок катары катышып жатат.

XS
SM
MD
LG