Израилдин Газа тилкесине урулган соккусунан 12 киши каза болду

Газа тилкесиндеги жардыруу. 2-май, 2023-жыл.

9-майдын таңында Израил армиясынын Газа тилкесине урулган соккуларынан 12 киши мерт кетип, он чактысы жарадар болду.

Бул тууралуу палестиналык ВАФА агенттиги жазды. Израилдин армиясы антитеррордук операция өткөрөрүн алдын ала жарыялаган. Израил тарап набыт болгондордун арасында «Ислам жихады» радикал тобунун мүчөлөрү бар экенин, алар буга чейин аймакта болгон бир нече террордук актылар үчүн жооптуу болгонун маалымдады.

Палестиннын бийлиги бийлиги жарыялаган тизмеде оорукананын башчысы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү каза болгонун жарыялады.

Эки тарап апрель айынын соңунда Аль-Акса мечитинин айланасындагы кырдаалдан улам кагылышып кеткен.

Анда Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу күчтөрү абалды "өтө олуттуу" деп баалап, тараптарды сабырдуулукка чакырган.

Дагы караңыз

Кулубаев: Москва Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет Дирижёр, 11 музыкант иштен кетти. Оркестрдеги келишпестиктин чоо-жайы Еврокомиссия төрайымы Киевге Орусиянын ракеталык аткылоосунан кийин барды