Бишкек-Балыкчы жолунун жээгиндеги өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балкчы жолунун жээгинде 7-майда тутунган өрттү өчүрүүгө кошумча күч тартылганын билдирди. Ага ылайык, 8-майда таң эрте кырсык болгон жерге Тоң райондук №38 өрткө каршы бөлүктөн беш куткаруучу, райондук токой чарбасынан төрт кызматкер жана Көк-Мойнок айылынан үч адам тартылды.

Жекшембиде кечинде "Балыкчы" суу чарбасынан бир суу ташуучу машина барган. Ошондой эле шаардагы №19 өрткө каршы бөлүктөн дагы бир күжүрмөн эсеп, Токой чарбасынан 10 кызматкер өрт өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калган.

"Ал эми буга чейин иштеп жаткандар туруктуу орундарына кайтышкан. Учурда өрт чектөөгө алынды, толук өчүрүү иштери уланып жатат. Кошумча маалымат берилет",-деп жазылган маалыматта.

Бишкек-Балыкчы жолундагы Боом капчыгайында март айында дагы эки жолу өрт чыккан. Анда бир канча гектар жердеги курак чөп күйүп кеткен. Өрттүн тутанган себеби айтылган эмес.

Дагы караңыз

Түркия Украинага С-400 зениттик ракеталарын берүүдөн баш тартты Лейлек: тургундар менен аскерлер аралашкан чыр териштирилип жататРжев шаарында кыргызстандык аскерлерге арналган мемориал ачылдыСадыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады БШК: Ленин округунан парламенттик шайлоого 32 талапкер ат салышат Парламент курултай тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карайт