“Свобода” радиосу Таман портуна жакын “Таманнефтегаз” ишканасынын базасында өрттүн кесепеттери спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Краснодар аймагындагы бул базага 3-майда дрон кулаганда өрт чыккан. Сүрөттө күйүүчү май сакталган цистерна күйүп жатканын көрүүгө болот.
Журналисттер андан тышкары, аннексияланган Севастополь портундагы мунай базасына 29-апрелдеги соккунун зыянын кененирээк чагылдырган сүрөттөрдү да алышты. Алардын биринде мунай сакталган цистерналардын арасында экөө бүтүн бойдон калганы байкалат.
Орусия Украинага согуш ачкандан бери дрондор аннексияланган Крымдагы жана Орусиянын аймагындагы объектилерге, анын ичинде мунай иштетүүчү заводдорго жана мунай сактоочу жайларга бир нече чабуул койду.
5-майда эртең менен Краснодардагы мунайды кайра иштеткен Ильский заводунун аймагында учкучсуз учактын чабуулунан өрт чыкканын ТАСС агентти Өзгөчө кырдаалдар кызматындагы булакка таянуу менен билдирди. Социалдык тармактарда муну "диверсанттар уюштурушу мүмкүн" деген бейрасмий маалыматтар чыкты.
Бул аталган заводго соңку эки күндө жасалган экинчи чабуул. Бейшембиде заводго бир эле учурда Украинанын төрт дрону сокку урганда мунай заттары сакталган цистерналар күйүп кеткен.
Дагы караңыз
Садыр Жапаров сөз эркиндигин, адам укугун коргоо өлкөнүн башкы максаты экенин айтты"Бүгүн "Азаттык", эртең ким?". Сөз эркиндигинин абалы талкуудаЭмделген бала шал жана кызамыктан алыс болот