Кыргызстандын "Өтүкчү", Өзбекстандын "Тул" чек ара бекетинде Кыргызстандын Баткен районунун жана Өзбекстандын Сох, Риштан райондорунун акимдери, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугушту.
Кыргызстандык делегацияны Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жетектеп барды.
Жолугушууда тараптар чектеш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чек ара аймактарында чыр-чатактардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, чарбалык ирригациялык маселелерди жана эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, алаканы күчөтүү, эки тараптуу маданий иш-чараларды өткөрүү тууралуу талкуулап, кеңири сүйлөштү.
Баткен райондук акимчилиги "Азаттык" радиосуна маалымдагандай, эки тараптуу жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, максатына жетти.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган.
Эки өлкө президенттери 27-январдагы келишимге ылайык Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралары толук чечилгенин ырасташкан.(JsA/ZKo)
Дагы караңыз
"Баш мыйзамды бийлик баш болуп сакташы керек". Конституцияга 30 жыл Бишкекте ысык суу 22-майда өчүрүлөт "Вагнердин" ээси Орусиянын коргоо министрин жектедиОрусияда абакта отурган тажикстандык мигрант Украинада жоголдуКыргыз-венгер өнүктүрүү фондунун жетекчиси камакка алындыФИФАнын президенти Инфантино Бишкекке келди