Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Орусияда абакта отурган тажикстандык мигрант Украинада жоголду


Шарифбек Зулфикоров жана анын энеси Мавлуда Давлатова. "Озоди" радиосунун коллажы.
Шарифбек Зулфикоров жана анын энеси Мавлуда Давлатова. "Озоди" радиосунун коллажы.

Украинада дайынсыз жоголгон 31 жаштагы уулу Шарифбек Зулфикоровду Тажикстандын Рудаки районунун тургуну Мавлуда Давлатова бир нече айдан бери издеп жүрөт. Орусиянын абактарынын биринде жазасын өтөп жүргөн Шарифбек былтыр күзүндө Украинага согушка тартылган.

Анын энеси "Озоди" радиосуна уулу менен акыркы жолу былтыр, 3-октябрда сүйлөшкөнүн айтып берген.

"Шарифбек мага өзүн Украинага согушка жиберип жатышканын айткан. Ошондон кийин такыр байланыша албадык", - деди Мавлуда.

Мавлуда Давлатова Тажикстандын бийлигине, Москвадагы элчиликке уулун тапканга көмөктөшүүсүн өтүнүп кайрылган.

Шарифбек Зулфикоров Орусияга иштегени барган. Үч жыл мурун ал мигранттардын массалык кагылышуусунда кармалып, "Ээнбаштык" беренеси менен соттолгон. Ал жазасын өтөп жаткан Липецк облусундагы абактын жетекчилиги уулун издеген энеге Шарифбекти "алып кетишкенин" гана маалымдап, качан, кайда, эмнеге деген суроолоруна жооп берген эмес.

Шарифбек Зулфикоровдун эки баласы бар.

Орусиядагы абактардан Украинадагы согушка кетип, набыт болгон тажик мигранттарынын так саны белгисиз. "Озоди" радиосу 20 чакты тажикстандык орус абактарынан ары согуш талаасына кетип каза тапканын маалымдады.

Орусия менен Тажикстандын бийликтери бул тууралуу маалымат берген эмес. Тажик бийлиги мурдараак жарандарын Украинадагы согушка барбоого чакырган.

Орусиянын абактарында жазасын өтөп жатып, Украинадагы согушка тартылган борбор азиялык мигранттардын так саны белгисиз.
Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык жаран каза болгону ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG