ӨКМ: Нарында калың карда малы тоютсуз калган малчылар жардам сурады

Ак-Талаа району. ӨКМ 2023-жылдын 3-майында жарыялаган видеодон алынган сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Нарында калың жааган кардан улам беш үй-бүлө мал-жандыгы менен кошо ашууда калып калганын, аларга жардам берүү аракети көрүлүп жатканын бүгүн 3-майда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шаршембиде Орто-Сырт жайлоосунда кар жаап, 2000 баш майда жандык, 530 бодо мал өз алдынча оттой албай калган. Бул жайлоого малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып, беш үй-бүлө ошол жерде калган.

“Учурда малчылардын тамак-ашы жетиштүү, бирок малына тоют жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы кырдаалды жөнгө салуу ишин колго алды”, - деп билдирди ӨКМ.

Орто-Сырт жайлоосуна кетчү жолду жана Чоң-Кыя ашуусундагы кар күрткүнү ачуу, байкоо жүргүзүү үчүн барган куткаруучулар калың жааган кардын айынан ашууга чыга албай, кайра артка кайтышканы маалымдалды. (RK)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны иштен кетирүү чечимин кабыл алдыКиев Shahed дрондорунун чабуулуна кабылды "Бүгүн "Азаттык", эртең ким?". Сөз эркиндигинин абалы талкуудаКемпир-Абад иши: камактагы беш кишинин бөгөт чарасы өзгөрбөдү