Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:10

Жогорку Кеңеш акыйкатчыны иштен кетирүү чечимин кабыл алды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Жогорку Кеңеш бүгүн 3-майда акыйкатчы Атыр Абдрахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. Тийиштүү токтом долбоорун добуш берүүгө катышкан 55 депутаттын 50сү колдоду, бешөө каршы болду.

Мунун алдында аталган маселеге байланыштуу талаш-тартыш чыккан. Айрым депутаттар омбудсмен конституциялык кызмат экенин эскертип, аны иштен алууда бардык мыйзам нормалары сакталышы зарылдыгын айтышкан.

Төрага Нурланбек Шакиев маселени тийиштүү комитет караганын, “баарын тактап бергенин” айтып жооп кайтарган.

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 19-апрелде Жогорку Кеңеште өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндама жасаган. Депутаттар баяндаманы аягына чейин укпай, Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматынан алууну сунуштап чыгышкан. "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы бул тууралуу чечимин парламент төрагасына берген. Тармактык комитет фракциянын сунушун колдоп чыккан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Кыргызстандын акыйкатчыны иштен кетирүү демилгесин сындан чыгышкан.

42 жаштагы Атыр Абдрахматова бул кызматка бир жыл мурда, 2022-жылы мартта шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG