Өзбек президенти Мирзиёевдин Германияга сапары башталды

Шавкат Мирзиёев. Архив.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Германияга сапары башталды. Бул тууралуу 1-майда мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Бирок бул расмий же жумушчу сапарбы, айтылган жок.

Расмий кабарга ылайык, Мирзиёев Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин чакыруусу менен 1-2-майда Берлинде болот. Өзбекстандын мамлекет башчысы Штайнмайер менен жана канцлер Олаф Шольц менен жолугушат.

Шавкат Мирзиёев акыркы жолу Германияга 2019-жылы расмий сапар менен барган.

Быйыл июнда өзбек президенти Римге сапар менен барарын Италиянын коргоо министри 27-апрелде кабарлаган. Былтыр декабрда Мирзиёев Францияга расмий сапар менен барып келген.

Дагы караңыз

Зеленскийдин кеңсесинин өкүлү Киев Рим папасынын демилгесинен кабарсыз экенин айтты Өзбекстанда туристтик агенттер аркылуу ажылыкка баргандарга айып пул салынатБаткен жана Согд облустарынын жетекчилери чек ара маселесин талкуулашты Бишкек шаардык соту активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды