Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Бишкек шаардык соту активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырды


Эрлан Бекчоро уулу.
Эрлан Бекчоро уулу.

Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулунун бөгөт чарасын карап, абакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Кантемир Турдалиев “Азаттыкка” билдирди. Ага дагы бир айып тагылганы белгилүү болду.

"Бүгүн шаардык сот 17-апрелде Биринчи май райондук соту чыгарган токтомду күчүндө калтырган чечим чыгарды. Биз үй камагына чыгарып берүүнү өтүнгөнбүз. Бул чечим даттанууга жатпайт, бирок биз бейөкмөт уюмдар аркылуу эл аралык укук коргоо мекемелерине кайрылуу жасап жатабыз. Маселен, бул саясий өңүттө гана каралып аткан ишке айланып, укуктук талаага келе албай жатабыз”, - деди адвокат.

Эрлан Бекчоро уулунун адвокаты активистке башында “Массалык башаламандыктарга чакырыктар” деген берене менен айып коюлганын, бирок 26-апрелде ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине ылайык дагы бир айып койгонун кошумчалады.

Бекчоро уулунун жакындары соттук процесске катышкан жок. Журналисттер активистти алып келген учурду тартып алууга аракет кылганда сот аткаруучулар аларды имараттан чыгарып салды.

Бүгүн сотто ошондой эле Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, укук коргоочу Рита Карасартованы үй камагына чыгаруу боюнча алардын адвокаттарынын арызы каралары айтылууда.

Азыркы тапта Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял жана укук коргоочу.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган. (KS)

XS
SM
MD
LG