Орусиялык белгилүү модельер Валентин Юдашкин көз жумду

Валентин Юдашкин

Орусиялык белгилүү модельер Валентин Юдашкин 59 жашында Москвада каза болду. Орусиялык ЖМКлар 2-майда кабарлагандай, акыркы жылдары ал катуу ооруп жүргөн.

Юдашкин 2016-жылы бөйрөк рагына чалдыкканын, кийинчерээк метастаздар бүт денеге жайылып кеткенин айткан.

Ал 1994-99-жылдары Орусиянын олимпиадалык курама командасына, футболчуларына спорттук кийимдерди жараткан. 2008-жылы Орусиянын Коргоо министрлигинин буйругу менен аскерлердин жаңы парад формасын иштеп чыккан. Үч жылдан кийин модельер жөнөкөй аскердик форманы сунуштаганда Коргоо министрлиги аны "сапатсыз" деп четке каккан.

Валентин Юдашкин Орусиянын Эл артисти жана Орусиянын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери наамдарын алган.

Бир күн мурун дагы бир белгилүү модельер Вячеслав Зайцев 85 жашында көз жумган.

Дагы караңыз

Баткен жана Согд облустарынын жетекчилери чек ара маселесин талкуулашты Украина: Лизуновкага урулган сокку бир баланын өмүрүн алдыӨкмөт соттук карыздар боюнча чектөөнүн өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштап жатат