Чаткалда күчү 4,5 жарым баллга жеткен жер титирөө болду

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 2-майда жер титиреди. Силкинүүнүн очогу Чаткал тоо кыркаларында катталып, күчү 4,5 баллга жетти. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Райондун эл жашаган аймактарында жер титирөөнүн күчү 3-3,5 балл сезилди.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Күчү очогунда 4,5 баллга жеткен силкинүү 12-апрелде Ысык-Көлдө катталган.

23-мартта Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында күчү 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

21-мартта очогу Ооганстанда болгон катуу жер титирөөнүн күчү Кыргызстанда да сезилген.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартованы 20-июнга чейин абакта калтырдыКазакстандын Жетибай кениндеги жарылууда киши өмүрү кыйылды Кашмирде дарыяга агып кеткен туристтер табылган жокКараколдо “каржы пирамидасына” алданган 30-40 адам милицияга кайрылды"Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу боюнча сунушу четке кагылды