Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:43

Сот Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартованы 20-июнга чейин абакта калтырды


Укук коргоочу Рита Карасартова абакта калды. Бишкек шаардык соту. 2-май, 2023-жыл.
Укук коргоочу Рита Карасартова абакта калды. Бишкек шаардык соту. 2-май, 2023-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-майда Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин колдоду. Ага ылайык Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартова 20-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калды.

Шаардык сот ага чейин Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган активист Эрлан Бекчоро уулунун да бөгөт чарасын карап, абакта калтырды.

Сотто саясатчы Азимбек Бекназаровду үй камагына чыгаруу боюнча алардын адвокаттарынын арызы да карала турганы кабарланган.

Учурда Кемпир-Абад ишине байланыштуу 16 активист, саясатчы, коомдук ишмер жана укук коргоочу камакта отурат. Активист, укук коргоочу Рита Карасартова камакта калган жалгыз аял.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен онго жакын активист жана саясатчыны үй камагына чыгарган. Калган 16 кишини тергөө абагында калтырган. Башкалары ага чейин үй камагына чыгарылган.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын 20дан ашыгы камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. “Массалык башаламандыкка” шектелип кармалгандардын арасынан 4-5 кишиге кошумча айып коюлганы кабарланган.

Айыпталгандар өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет. Бир катар эл аралык уюмдар бийликти абакта отургандарды бошотууга чакырышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG