Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр Шамбет Мендебаиров 1-майда 51 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеме театр ишмеринин эмнеден улам каза болгонун маалымдаган жок.
Шамбет Мендебаиров 1972-жылы 22-августта айында Жумгал районунун Чаек айылында туулган.
1997-2003-жылдары Бишкек шаарындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Театр жана кино факультетин аяктаган. 5-курсунда окуп жаткан кезде Нарын облустук драма театрына келип, дипломдук иши катары В. Дельмардын "Жашоо деген" спектаклин койгон.
2012-жылдан ушул күнгө чейин аталган драма театрда көркөм жетекчи, режиссер болуп эмгектенген.
Ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссер Назым Мендебаировдун бир тууган агасы.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 3- майда саат 11:00дө Нарын шаарында болот. (MZh)
Дагы караңыз
“Кара-Балта спирт заводунун” мурдагы жумушчулары менен соту улануудаПакистан армиясы Ооганстан менен чектеш жерде жоочуларды колго түшүрдүБишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар кайра эвакуацияланды