Рим папасы Францисктин Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу максатындагы тынчтык демилгеси тууралуу Киев азырынча эч нерсе билбейт. Бул тууралуу CNN телеканалына Украина президентинин кеңсесиндеги расмий адам билдирди.
"Президент Зеленский мындай талкууларга макулдук берген жок. Эгер сүйлөшүүлөр жүрүп жатса, анда биз кабарсызбыз", - деди ал.
Рим папасы Ватикан Украинадагы согушту токтотууга багытталган тынчтыкты орнотуу миссиясына катышып жатканын дүйшөмбүдө билдирген. Бул тууралуу журналисттерге Венгриядагы үч күндүк сапарынан кайтып келатканда учакта маалымат берип, миссиянын алкагында иштер жүрүп жатканын, бирок чоо-жайы коомчулукка азырынча маалымдала электигин айткан.
Өткөн аптада Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Ватиканда Франциск менен жолугушкан. Ал Владимир Зеленский демилге кылган “тынчтык формуласы” талкууланганын билдирген.
Украинанын бийлиги Орусия Украинадан, анын ичинде аннексияланган аймактардан аскерлерин чыгарып кеткенде гана Киев Москва менен диалогго бара турганын бир канча жолу кайталаган.
Өткөн жылы февралда Орусия Украинага бастырып киргенден бери Франциск дээрлик апта сайын тараптарды тынчтыкка чакырып, Киев менен Москвага ортомчу болуу тууралуу каалоосун бир нече жолу айткан.
Дагы караңыз
АКШ Финляндияга аскердик базасын жайгаштырышы мүмкүнHRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн” Бишкекте бомба тууралуу кабардан улам окуучулар кайра эвакуацияланды"Бүтүн Кыргызстандын" өкмөттү таратуу боюнча сунушу четке кагылды