Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу күчөп жатат. 2-майда “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунан кабарлашкандай, жыл башынан берки төрт айда бул ооруга чалдыккандар 265 бейтап болду.
Былтыр бир жыл ичинде бир гана бейтап катталганы расмий маалымдалган.
Быйылкы катталган 265 бейтаптын эң көбү төрт жашка чейинки курактагы наристелер жана бирге чыга элек ымыркайлар.
Аймактар боюнча алып караганда, ооругандардын эң көбү Ош облусунда жана Ош шаарында катталууда.
Адистердин айтымында, ооруп жаткандардын көбү эмделбегендер.
Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.
Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны 1 жана 6 жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.
2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына 2-3 миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)
Дагы караңыз
Бишкек шаардык соту активист Эрлан Бекчоро уулун камакта калтырдыHRW: Кыргыз жана тажик күчтөрүнүн былтыркы жаңжалдагы аракеттери “согуш кылмыштарына тете болушу мүмкүн” Дайырбек Орунбеков позитивдүү жаңылыктарга басым жасоого чакырды"Эл мыйзамга ишенбейт". Өз алдынча жазалоо эмнеге кооптуу?