Жыл сайын инфляцияга жараша жогорулап турушу керек болгон электр энергиясынын тарифи саясий себептерден улам өзгөртүлбөй келгенин бүгүн 2-майда “Биринчи Радиого” курган маегинде энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Министр тариф 2015-жылдан бери өзгөрбөгөнүн айтты:
“Тарифти саясатка байлап келишкен. Энергетиктерге мүмкүнчүлүк берилип, жыл сайын инфляцияга жараша тариф көтөрүлсө бүгүнкү күндө 1 кВт/сааты 1 сом 40 тыйын турмак. Тариф саясатын карайбыз деген сайын шайлоо же референдум сыяктуу саясий окуялар чыгып калчу. Ошентип, мамлекеттин башына келген ар бир саясатчы “элдин көңүлүн бузбайлы” деп токтотуп келген”.
1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи 30% жогорулады. Энергетика министрлиги 14-февралда “2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты” токтомун өзгөртүү сунушун коомдук талкууга чыгарган. Ал колдоого алынып, натыйжада калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болду.
Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.
Калктын аз камсыз болгон катмарларына мамлекеттен жардам жана жеңилдетүү каралган.
Буга чейинки тариф боюнча калк үчүн электр энергиясынын наркы 700 кВт/саатка чейин 77 тыйын, андан ашса 2,16 сом болчу. Ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган. (RK)
Дагы караңыз
Ак үй: Орусия соңку беш айда Бахмутта 20 миңдей аскеринен ажырадыДемократия баалуулуктары: Акыйкатчынын адам укуктарын коргоодогу ролу Баткен: чек ара үчүн соолуган өмүрлөрСалык декларациясын тапшыруу өнөктүгү аяктоодо