Ошто эл аралык Go Viral фестивалы өтүп жатат

Ош шаары. Go Viral фестивалы.

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн 28-апрелде Борбор Азия жана АКШдан келген спикерлердин катышуусунда медиа, бизнес, маданият жана технология тармагын талкуулаган иш-чара өтүп жатат.

Go Viral деп аталган фестивалда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери, NASA компаниясынын мурунку кызматкери Аиша Боу, сүрөтчү Татьяна Зеленская жана башка спикерлер, жаштар баарлашты.

Иш-чаранын башкы темасы – туризм жана айыл чарба алкагындагы креативдүү экономика.

Фестиваль АКШ Мамлекеттик департаментинин жана “Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосунда 28-29-апрель күндөрү өтүүдө.

2023-жылы Go Viral фестивалы Душанбе, Астана жана Ашхабад шаарларында да өтөт. 17-18-мартта аталган иш-чара Ташкентте болгон.

Go Viral Festival & Network – бул медиа, бизнес, маданият жана технологиялар жаатындагы эксперттердин жана адистердин, АКШдан чакырылган коноктордун катышуусунда өтүүчү глобалдык нетворкинг.

2021-жылдан тартып долбоор АКШнын Мамлекеттик департаментинин каржылык колдоосунда IWPR CA уюму аркылуу ишке ашып келет. (TSh)

Дагы караңыз

"Өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку". “Азаттык” боюнча билдирүүлөрОрусиянын ракета соккусунан курман болгондор 17ге жеттиӨзбек бийлиги колдогон, аткезчиликке айыпталган үй-бүлө Ташкенттеги курулуш долбоорлорун жашыруун каржылап келетПутин украиндерди аннексияланган жерлерден депортациялоону тапшырды