Казакстандын Алматы облустук полиция департаментинин мурдагы башчысы Серик Күдебаев 10 жылга камалды. Талдыкорган соту 28-апрелде ушундай өкүм чыгарды, бирок азырынча расмий күчүнө кире элек. Күдебаев өзүнө тагылган айыпты моюнга алган жок.
Башкы прокуратура Серик Күдебаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин 27-апрелде билдирген.
Былтыркы кандуу Январь окуясына байланыштуу айыпталган Күдебаев 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга качып кеткенин казак медиасы жазган. Кийинчерээк ал чек арадан расмий чыкпаганы маалымдалып, эл аралык издөө жарыяланган.
Былтыр январдагы тоз-тополоңдо Алматы облусунун коменданты болуп турган 58 жаштагы милициянын генерал-майору Серик Күдебаев иш ордун таштап, полиция имаратынан чыгып кеткени айтылган. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, нааразылык акцияларында кармалган адамдарды кыйноого алган деп айыпталган. Тергөө маалында ал үй камагында болгон.
Дагы караңыз
Орусиянын ракета соккусунан курман болгондор 17ге жеттиПутин украиндерди аннексияланган жерлерден депортациялоону тапшырдыБШК: ЖКга Ленин округунан талапкерликке 49 адам арыз берди