Сербия президенти ооруканага жатканы тууралуу маалыматты четке какты

Александр Вучич

Сербиянын президенти Александр Вучич саламаттыгы жайында экенин, иш сапарга даярданып жатканын 28-апрелде журналисттерге билдирди. Анын алдында жергиликтүү маалымат каражаттары мамлекет башчысы ооруп, Белграддагы ооруканага чукул жаткырылганын кабарлашкан.

B92 телеканалы президентти уулу Данило социалдык түйүнгө "ата, сенин жашашыңды жана ден соолугуң чың болушун каалайм" деп жазганын маалымдаган. Бирок ал кандай диагноз менен кайсы ооруканага жаткырылганы айтылган эмес.

Вучич 2019-жылы жүрөк оорусу менен ооруканага жаткан. Дарыгерлер ага чыңалуу менен иштөөгө болбой турганын, саламаттыгы кооптуу абалда экенин айтышкан.

Дагы караңыз

Казакстанда активист Улболсын Турдиева 20 суткага камалдыТажикстан: мурдагы активист Собир Валиевге жаңы кылмыш иши козголдуПрокуратура "Ысык-Ата" санаториясында 13 млн. сом мыйзамсыз чыгарылганын билдирдиУкраинанын Уман шаарына урулган соккудан кеминде 10 адам набыт болду