Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Украинанын Уман шаарына урулган соккудан кеминде 10 адам набыт болду


Уман шаарынан тартылган сүрөт.
Уман шаарынан тартылган сүрөт.

Жумага караган түнү бүткүл Украинада абадан эскертүү жарыяланды. Уман жана Днепрге шаарындагы турак жайлар жана кампалар Орусиянын ракеталык аткылоосуна кабылды.

Уманда көп кабаттуу үйлөр бутага алынганда кеминде 10 киши набыт болуп, жыйырмага жакыны жараат алды. Куткаруу, тазалоо иштери уланып жатканын Украинанын Ички иштер министрлигинин башчысы Игорь Клименко билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, ракета көп кабаттуу үйгө тийип, бир подъезд талкаланган.

Уман Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Черкассы облусунда, фронт сызыгынан алыс жайгашкан.

Ошондой эле Днепрде орус армиясынын түнкү ракеталык чабуулунан бир тургундун үй-жайы талкаланды. Бир аял эки жашар кызы менен набыт болгонун Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди. Дагы үч киши жараат алган.

Днепрде жеке ишкананын имараты талкаланып, курулуш базасы дагы эле күйүп жатат. Лысактын айтымында, аскерлер Орусиянын канаттуу жети ракетасын атып түшүрүшкөн.

Киев облусунда 11 ракета жана эки учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн жергиликтүү аскер администрациясынын башчысы Сергей Попко кабарлады. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Киевдин Оболонский электр линиясы үзүлдү.

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйдын айтымында, акыркы суткада орусиялык 23 канаттуу ракетанын 21и, эки учкучсуз учагы атып түшүрүлгөн. Сокку Ту-95 бомбалоочу учактарынан Каспий деңизинен аймагынан атылган.

Бейшембиге караган түнү орус аскерлери Николаевди ракета менен аткылаганда бир киши курман болгон.

Орусия ракеталык соккулар тууралуу комментарий берген жок. Адатта Москва карапайым калкты бутага албаганын билдирип келет. "Азаттык" радиосу согуштун шартында маалыматтарды өз алдынча текшере албайт.

XS
SM
MD
LG