Аба ырайы: күн ачык болот

Суусамыр өрөөнү.

28-апрелге караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32,

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 11…13°, күндүзгү температурасы 29…31° болот.

Дагы караңыз

Анкара Эрдогандын саламаттыгына байланыштуу кабарларды четке кактыБайсалов 500 миллион сомдук тендер тууралуу кабарды жокко чыгарды Британия ТИМинин санкциялар боюнча директору Бишкекке келдиЖКда "Азаттыктын" Чүй дарыясы тууралуу иликтөөсүндөгү маселе айтылды