Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

Британия ТИМинин санкциялар боюнча директору Бишкекке келди


Дэвид Рид.
Дэвид Рид.

Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид иш сапары менен Кыргызстанда жүрөт.

Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдиргендей, Рид 26-28-апрелдеги сапарынын алкагында Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы киргизилген санкцияларды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолугушат. Орусиянын санкциялардан кыйгап өтүү аракеттерин алдын алуу боюнча кызматташууну талкуулайт.

“Улуу Британия эл аралык өнөктөштөрү менен бирге Орусияга экономикалык санкцияларды киргизип, Москванын согушту улантуусу үчүн маанилүү технологияларын жана каржы булактарын чектөөгө аракеттенүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн айда Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан да Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300 пайызга чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшпөшү керектигин басма сөз жыйынында айткан.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Каржы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспорттолушуна тыюу салынары белгиленген.

Кыргыз бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушунда нейтралдуу позицияны карманарын айтып келет. (TAb)

XS
SM
MD
LG