Анкара Эрдогандын саламаттыгына байланыштуу кабарларды четке какты

Режеп Тайып Эрдоган.

Түркиянын президентинин кеңсеси мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдогандын "ден соолугу начарлады" деген маалыматтарды четке какты.

Админстрациянын Коммуникация бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Алтун Твиттерге: "Президент Эрдогандын ден соолугуна байланыштуу мындай негизсиз билдирүүлөрдү кескин түрдө четке кагабыз", — деп жазды.

Алтун Эрдоган 27-апрелде "Аккую" атомдук электр станциясынын ачылышына онлайн катышууну пландап жатканын билдирди.

Түркияда 14-майга белгиленген президенттик шайлоого саналуу апталар калганда Эрдоган бир катар үгүт жолугушууларына жана иш-чараларга катышуусун токтотту.

26-апрелдин кечинде ал Твиттерге "дарыгерлердин кеңеши менен үйдө эс алып жатканын" жазган. Анын ордуна вице-президент Фуат Октой иш-чараларга жана жолугушууларга катышарын маалымдаган.

Режеп Тайып Эрдоган Түркиянын Kanal 7 жана Ulker телеканалдарынын журналисттеринин суроолоруна жооп берип жатканда өзүн жаман сезген. Эфир токтотулуп, ордуна жарнама берилген. 20 мүнөттөн кийин кайра эфир улантылганда Эрдоган "ашказаны ооруп калганын" жана шайлоо алдындагы иш-чаралардан чарчаганын түшүндүргөн.

Бул окуядан кийин бир катар маалымат каражаттары Эрдогандын миокард инфарктыга кабылып, ооруканага жаткырылганын жазышкан.

Дагы караңыз

Британия ТИМинин санкциялар боюнча директору Бишкекке келдиБайсалов 500 миллион сомдук тендер тууралуу кабарды жокко чыгарды ЖКда "Азаттыктын" Чүй дарыясы тууралуу иликтөөсүндөгү маселе айтылдыПрезидент Жапаров Мадумаровду суу тууралуу билдирүүсүнөн улам сындады