Байсалов 500 миллион сомдук тендер тууралуу кабарды жокко чыгарды

Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Бишкекте маданий иш-чараларды уюштуруу үчүн 500 миллион сомдук тендер жарыялаганы тууралуу маалыматка комментарий берди. Ал Твиттердеги баракчасына мамлекеттик сатып алуулар порталына чыккан жарыяны "кызматкерлердин биринин катасы болгон", деп жазды.

"Кызматтык териштирүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык, шаардык спорт департаменттин кызматкерлеринин биринин күнөөсүнүн айынан жарыя бир катар каталар менен жарыяланган. Ал чындыкка коошпойт",-деген Байсалов.

Мунун алдында айрым жергиликтүү маалымат агенттиктер аталган министрлик 500 милилон сомго тендер жарыялаганын, анын алкагында Бишкектеги көрүнүктүү жерлерге үч миң квест-экскурсия уюштуруу каралганын жазышкан.

Социалдык тармактарда шаардагы маданий-туристтик иш-чараларга ири өлчөмдө акча коротуу каралып жатканын сындаган пикирлер көп жазылып жаткан.

Дагы караңыз

ЖКда "Азаттыктын" Чүй дарыясы тууралуу иликтөөсүндөгү маселе айтылдыПрезидент Жапаров Мадумаровду суу тууралуу билдирүүсүнөн улам сындадыСадыр Жапаров электр энергиясы кымбаттаганы туура экенин айтты Володин Шакиевге "чет элдик агент" ишинде Москванын тажрыйбасын сунуштады Депутат Кыргызстан-АКШ келишимине кол коюуну тездетүүгө чакырды ЖКда орус абактарындагы кыргыз жарандарынын маселеси айтылды Херсон: украиналык журналист окко учуп, италиялык кабарчы жараат алды