Президент Жапаров Мадумаровду суу тууралуу билдирүүсүнөн улам сындады

Адахан Мадумаров менен Садыр Жапаров. Коллаж.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун суу тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Анда кабарчы "парламентте энергетика министри бүгүнкү күндө суу, электр кубаты боюнча товар алмашуу саясаты жүрүп жатканын айтты. Ошондо депутат Адахан Мадумаров сууну ресурс катары кабыл алып, сууну сатпайсыңарбы деген суроону койду. Чындап эле сууну товар катары сатууга болбойбу?",-деген суроо берген.

Президент анда Мадумаровду "колунан эч нерсе келбейт" деп сындаган.

"Сууну товар катары сатууга да убакыт келет. Азыр БУУда сууну товар катары кабыл алуу боюнча маселе каралып жатат. Кабыл алынса анан сатабыз да. Мадумаровдун болсо тили эле сайрайт, колунан эч нерсе келбейт. Бишкекте туруп тили менен Москванын көчөлөрүн таптаза кылып шыпырып коет. 33 жылдан бери депутат болуп, чоң саясатта жүрөт. Ошончолук эле акылдуу болсо, сууну товар деп, аны сатуу боюнча бир барак мыйзам жазып киргизип койбойт беле. Ошончолук мекенчил экени чын болуп, элине, Мекенине күйсө, БУУга кайрылып көрбөйт беле. Кимди болбосун ажылдап беттен алат, акыл үйрөтөт, жооп берейин деген министрлерди кагып-силкип сүйлөтпөйт. Кыскасы ал киши жамандык, кемчилик эле издегенди адат кылып алыптыр. Адам деген кичине жакшы ниетте болуп, алдыга жылууга умтулуш керек го акыры",-деген Жапаров.

Адахан Мадумаров президенттин сынына азырынча жооп бере элек.

Борбор Азиядагы дарыянын жогору жагында орун алган Кыргызстан менен Тажикстан жана дарыянын төмөн жагында жайгашкан Казакстан менен Өзбекстандын суу ресурстарын колдонуу боюнча позицияларында айырмачылыктар бар.

Тоолуу эки өлкө сууну товар катары кароо зарылдыгын айтып келсе, Казакстан менен Өзбекстан суу ресурстарын жалпы байлык катары сыпаттап келет.

2019-жылы казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө ортосундагы маанилүү суу ирригациялык жааттагы абалга токтолуп, "Борбор Азияда суу ресурстары - жалпы байлык" деп атаган. Ал бул жаатта суу ресурстарын биргеликте колдонууну улантуу зарыл экенин белгилеген.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Нарын дарыясынын болгону 10% сугат суу үчүн колдонот. Калганын кошуна өлкөлөргө берет. 2021-жылы жай айларында кургакчылык маалында чөлкөмдүн өлкөлөрүндө суу тартыштыгы сезилген.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров электр энергиясы кымбаттаганы туура экенин айтты Володин Шакиевге "чет элдик агент" ишинде Москванын тажрыйбасын сунуштады Депутат Кыргызстан-АКШ келишимине кол коюуну тездетүүгө чакырды ЖКда орус абактарындагы кыргыз жарандарынын маселеси айтылды Херсон: украиналык журналист окко учуп, италиялык кабарчы жараат алды