Володин Шакиевге "чет элдик агент" ишинде Москванын тажрыйбасын сунуштады

Нурланбек Шакиев менен Вячеслав Володин.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин Москвада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушууда "чет элдик кийлигишүү" тууралуу маселе көтөрдү. Анда Кыргызстанга бул жаатта Москванын тажрыйбасы пайдалуу болорун айтты. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын расмий сайтына жарыяланды.

"Орусия менен Кыргызстан четтен кийлигишүүгө каршы иш-аракеттерди жөнгө салган мыйзамдар жаатында тажрыйба алмаша алат. Бул иште Орусияда натыйжалуу мыйзамдар кабыл алынган. Азыр дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Батыш каржылаган бейөкмөт уюмдар эгемендикке, мамлекеттүүлүккө шек келтирип жатат. Бул маселеде Орусиянын тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болот", -деген Володин.

Нурланбек Шакиев бул жагдай тууралуу кандай пикир билдиргени азырынча белгисиз. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Володин менен жолугушуу тууралуу маалыматта "чет элдик кийлигишүү" жөнүндө жазылган эмес.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун кабыл алууга аракет жүрүп жатат.

Былтыр ноябрда өкмөт “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарган. Документтин негиздемесинде, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, адеп-ахлакты, калктын саламаттыгын, жарандардын улуттук жана диний ишенимин коргоо үчүн бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам учурдун талабы экенин жазылган. Президенттик администрация сунуштаган долбоор эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын сынына кабылган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму кыргыз бийлиги сунуштаган бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деген билдирүү тараткан.

Долбоор талаш-талкуу жараткан жана аны кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топ мыйзам долбоорун ушул жылдын 1-июлга чейин даярдап коомдук талкууга алып чыгышы керек.

Дагы караңыз

Херсон: украиналык журналист окко учуп, италиялык кабарчы жараат алды Эл аралык мейкиндикте Орусиянын аскердик учактары кармалдыКүрөш: Акжол Махмудов Роман Власовду уттуБУУнун эксперттери памирликтердин куугунтукталышын сынга алдыБШК Равшан Жээнбековдун ЖКга талапкерлик боюнча арызын кабыл алды