Украина: Купянскидеги музейге урулган соккуда киши өмүрү кыйылды

Орусиянын ракеталык чабуулунан Украинанын Купянск шаарындагы аймак таануу музейинин имараты талкаланып, бир киши каза болду. Дагы он киши жараат алганын Харьков облустук аскер башкармалыгынын жетекчиси Олег Синегубов билдирди. Каза болгон адам - музейдин кызматкери.

Снегубов сокку С-300 ракетасынан урулган болушу ыктымалдыгын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, согуш кылмыштарын жасагандар ырайымсыз жазаланарын айтты.

Орусия Купянскидеги чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Украинанын чыгышындагы Бахмут, Марьинка жана башка калааларда салгылашуу уланууда.

Дагы караңыз

Пакистанда полиция борборундагы жарылуу 16 адамдын өмүрүн алдыНовосибирскиде "Вагнердин" жоочулары жапырт көмүлгөн мүрзө табылдыБУУ Судандагы чатактын кесепети оор болорун эскерттиТажикстан: жоокерлердин сабалышынан улам беш аскер кызматкери кармалды