Тажикстан: жоокерлердин сабалышынан улам беш аскер кызматкери кармалды

Тажикстанда армияга жаңы чакырылган жоокерлерди сабады деген шек менен беш аскер кызматкери кармалды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, окуя былтыр декабрда Чек ара кызматынын Согд облусунда жайгашкан аскердик бөлүгүндө болгон.

Армияга жаңы чакырылган жоокерлерди кенже командирлер же мурда келген аскерлер сабаган видео социалдык түйүндөргө 24-апрелде жарыяланган. Бул тажикстандыктардын арасында кызуу талкуу жаратып, алар бийликти күнөөлүүлөрдү тезинен аныктап, жоопко тартууга чакырышкан.

Дагы караңыз

Иерусалимде автоунаа жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кеттиПрезиденттик администрация Садыр Жапаровдун Москвага сапары тууралуу маалымат бердиБаткенде килемчилердин кароо-сынагы өтөтБишкекте окуучулар жабыркаган жол кырсыгы боюнча тергөө жүрүүдө