Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Иерусалимде автоунаа жөө жүргүнчүлөрдү тебелеп кетти


Иерусалимдин борборунда 24-апрелде айдоочу автоунаасы менен жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, сегиз адам жабыркады. Бир кишинин абалы оор. Өкмөт бул окуяны террордук акт деп баалаганын израилдик басылмалар жазды.

Айдоочу ошол жерде кармоо учурунда каза болгон.

Күбөлөрдүн айтымында, ал адегенде көчөдөн өтүп бараткан кишини сүзгөн. Кийин жол четинде турган бир топ адамды тебелеп кеткен.

Полиция анын тек-жайы такталганын, Иерусалимдин чыгышындагы арабдар жашаган Бейт-Цафаф конушунда жашаганын билдирди. Атайын кызмат ал 30 жашта экенин, палестиналык куралдуу топтор менен байланышы иликтенип жатканын кабарлады.

Бул кол салуу Израилде согушта курман болгон жоокерлерди жана терроризмдин курмандыктарын эскерүү күнүндө жасалды. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху кол салуу болгон жайдан алыс эмес жерде эскерүү иш-чарасына катышып жаткан.

Полиция Иерусалимге көзөмөлдү күчөттү. Атайын кызмат Бейт Цафаф көчөсүндө жана кол салган адамдын үйүндө тинтүү жүргүздү.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек, бирок ХАМАС айдоочунун аракетин кубаттады.

XS
SM
MD
LG