Өзбек бийлиги колдогон, аткезчиликке айыпталган үй-бүлө Ташкенттеги курулуш долбоорлорун жашыруун каржылап келет.
Президент Мирзиёев Өзбекстанда реформаны жана ачыктыкты убада кылган. Бирок Өзбекстанга акча салган негизги чет элдик жаңы инвесторлордун арасында паранын жана саясий калкалоонун жардамы менен байыган Абдукадырдын үй-бүлөсү бар.
Иликтөөнүн өзөгү:
- Абдукадырдын үй-бүлөсү ири аткезчиликтин жардамы менен байыган болушу мүмкүн. Алар акчанын басымдуу бөлүгүн Өзбекстандан таап, башка өлкөлөрдө адалдап турган.
- Үй-бүлө өзүн “чет элдик инвестор” катары көрсөтүп, көмүскө корпоративдик түзүмдөр аркылуу Өзбекстандагы бир катар ири курулуш долбоорлоруна миллиондогон каражат салган. Үч мейманкананын курулушунда Абдукадырдын үй-бүлөсү Accor деген француздардын мейманкана оператору менен кызматташкан.
- Бул үй-бүлөнүн беделдүү өнөктөшү бардай көрүнөт. Ал - президент Мирзиёевдин тасирдүү күйөө баласы Отабек Умаров болушу мүмкүн.
- Колго тийген фактылар Мирзиёевдин мурдагы бийликтин тушундагы гүлдөгөн коррупциянын тамырын кыркканы тууралуу билдирүүлөрүнөн күмөн санатат.
Ташкент - орто кылымдардан калган мечиттери, кымгуут базарлары жана баш айланткан турак жай кварталдары же маалелери менен таанымал. 2016-жылы бийликке келген президент Шавкат Мирзиёев Борбор Азиядагы бул өлкөнү жаңылоону убада кылган. Ал эски кварталдардын ордуна көп кабаттуу үйлөр менен соода борборлорун курууну чечкен.
1,3 миллиард долларлык “Ташкент-Сити” долбоору өзгөрүүлөрдүн негизги элементине айланган. Бул долбоор 80 гектарлык сейил бакты, эл аралык ресторандарды, заманбап, асман тиреген имараттарды жана планетарийди камтыйт.
2017-жылы Мирзиёев курулуштун жүрүшүнө өзү көз саларын убада кылып, “бүт дүйнө кызыккан жер болот” деп айтканы бар.
Чындыгында ал сөзүнө туруп, курулушка бир нече жолу келген. 2022-жылы январь айында өзбек мамлекеттик телеканалы президенттин ишти жеринен текшерип жүргөнүн көрсөткөн. Журналисттер ал кадрлардан күңүрт түстөгү кышкы куртка кийген жана беткап тагынган таанымал фигураны байкашкан.
Ал бир туугандары менен бирге Борбор Азиядагы парага жана саясий калкалоого негизделген соода монополиясын тескөө аркылуу байыган, уйгур магнаты Хабибула Абдукадыр эле.
Хабибула жана анын туугандары “Ташкент-Сити” борборундагы 400 миллион долларлык курулуш долбоорунун артында турган инвесторлор экени белгилүү болду. Анын ичинде соода борбору, турак жай, кеңсеге ылайыкташкан көп кабаттуу имараттар жана мейманкана бар.
Абдукадырдын бул долбоорлорго аралашканы жана анын Өзбекстандын президентине жакындыгы бул үй-бүлөнүн ишмердиги тууралуу 2019-жылы “Азаттык” радиосу, OCCRP жана “Клооп” жарыялаган иликтөөдөн кийин өзөчө көңүл бурууга татыйт.
Кыргызстанда Абдукадырлар бажынын кызматкерлерин паралап, бул мекемени иш жүзүндө өзү каалагандай колдонгон. Мындай артыкчылыктардан пайдаланган үй-бүлө арзан кытай товарын Кыргызстанга, Өзбекстанга жана башка өлкөлөргө ташуу аркылуу оңбогондой киреше тапкан.
Бул тууралуу маалыматтар акча адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаити журналисттерге байланышка чыккандан кийин коомчулукка белгилүү болгон. Саймаити бул үй-бүлө үчүн жүз миллиондогон долларларды чет өлкөгө жөнөткөнүн айтып берген. Ал ар кыл ыкмаларды, анын ичинде жасалма контракттарды жана насыя келишимдерин, жалган банк которууларын жана акча ташып иштеген “качырларды” колдонгон.
Саймаитинин айыптоолору жана адалданган акча Өзбекстандан чыкканы тууралуу анын сөздөрү медиа каражаттарында кенен чагылдырылган. Буга карабастан ар бири бир канча өлкөнүн паспортун көтөрүп жүргөн бул үй-бүлөнүн мүчөлөрүн коңшу өлкөдө чет элдик салмактуу инвесторлор катары тосуп алышкан.
Аларга баш калаадагы “Ташкент-Ситиден” башка жалпы баасы 520 миллион долларга бааланган эки чоң турак жай комплексин салууга укук берилген. Ошондой эле үй-бүлө Өзбекстандын борборунда жаңы беш жылдыздуу мейманкананы куруу үчүн француздардын Accor мейманкана оператору менен кызматташкан. Дагы эки отель Өзбекстандын башка аймактарында ачылышы керек.
Абдукадырлардын чоң долбоорлорго салган инвестициясы купуя сакталат. Акча офшордогу фирмалар же ортомчуларга тиешелүү эки бүдөмүк компания аркылуу которулат.
“Озодлик” радиосу, OCCRP, “Клооп” жана “Власть” басылмалары Абдукадырлардын үй-бүлөсүнүн бул курулушка байланышын бир жылдан ашуун иликтеди. Журналисттер жумушчулардын жана компаниянын кагаздарынан акционерлердин чоо-жайын изилдеп, ишканалардын маалыматтарын Абдукадырлардын буга чейин белгилүү болгон фирмалары менен салыштырып, башка ачык булактардагы инсайдерлерди издешти.
Журналисттер таап чыккандай, өзбек бийлигинин бийик сересинде Абдукадырлардын кадыр-барктуу өнөктөшү бар өңдөнөт. Ал - президент Мирзиёевдин таасирдүү күйөө баласы, президенттин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Отабек Умаров.
Умаровдун аты бир дагы документте учурабайт жана анын бизнеси бар экенин күбөлөгөн маалыматтар Өзбекстандын соода реестринде жок. Бирок Умаровдун бул долбоорлорго аралашканы тууралуу маалымат Абдукадырлардын Ташкенттеги долбоорлорунда гана эмес, Өзбекстандагы таасирдүү соода бизнесинде да байкалат. Бул бизнес мамлекеттик колдоонун түрдүү формаларын, анын ичинде президенттин жарлыктарын, атаандаштарына басым жасоо жана өкмөттүн тендерлеринин жеңүүчүлөрүн алдын ала жең ичинен аныктоо сыяктуу көрүнүштөрдү пайдаланат.
Президент Мирзиёев реформаларды жүзөгө ашырууну, өлкөнү жаңылоону утур-утур убада кылганы менен Абдукадырлардын ийгилиги анын баарына доо кетирегендей сыяктанат. Өзбекстан кулачын жайып тосуп алган, аткезчиликке айыпталган бул үй-бүлө коңшу өлкөгө жалпы суммасы 2 миллиард доллардан ашуун инвестиция салган же ушунча каражат салууну убада кылган.
Абдукадырдын үй-бүлөсүн иликтеген Ольстер университетинин криминология боюнча профессору Кристиан Ласслетт мындай инвестициянын кесепети кандай болоруна токтолду.
“Күмөндүү булактардан келген акчаны улуттук же табигый мурасты бүлүндүрө турган долбоорлор аркылуу адалдап жатышат”, - деди Ласслетт.
“Мындан тышкары ушундай долбоорлорду ишке ашырууда өз үлүшүн күткөн учурлар көп, - деди Ласслет. - Бир жагынан караганда, бул сыяктуу инвестициялар адам укугунун бузулушун шарттайт. Экинчи жагынан караганда, андай нерсе клептократиянын канына кан кошот".
Журналисттер долбоордо сөз болгон 50дөн ашык адамдан, компаниялардан жана өкмөттүк уюмдардан комментарий сурады. Дээрлик эч кимиси, анын ичинде президент Мирзиёевдин кеңсеси да, Отабек Умаров да жооп берген жок. Абдукадырлар журналисттер Хабибула Абдукадырдын электрондук дарегине жөнөткөн суроолорду алганын ырасташып, бирок кийинчерээк жооп бере турганын билдиришти.
Ал эми Абдукадырдын үй-бүлөсү менен кызматташтык тууралуу суроого Accor компаниясынын өкүлү жооп берип, компания "Абдукадыр мырза тууралуу OCCRP нин [буга чейинки] макалаларынан кабардар" жана "отелдердин ээлерине карата контрагенттерди текшерүү процедурасы жүргүзүлдү" деп билдирди.
“Базардын табышмактуу лидери”
"Ташкент-Сити" комплексинин “3-тилкесиндеги” соода борборунун Инстаграмдагы баракчасында кандай эл аралык бренддер жайгашары көрсөтүлгөн. Алардын арасында Calvin Klein, United Colors of Benetton жана Swarovski бар.
Бирок бул соода борборун жана ага удаа турган көп кабат үйдү салган Hyper Partners компаниясы тууралуу дээрлик маалымат жок. Ал тууралуу алгачкы маалымат 2018-жылдын июнь айында чыккан. Өзбек жаңылыктар агенттиги жарыялаган, акча төлөнгөн жарнамалык макалада Hyper Partners компаниясы долбоордун инвестору жана “рыноктун лидери” деп аталган.
Макалада компаниянын төрт ай мурда гана каттоодон өткөнү, анын уставдык капиталы болгону 25 миң евро экени айтылган эмес.
2018-жылы декабрда Open Democracy уюмунун журналисттери Hyper Partners 18 жаштагы уланга таандык экенин таап чыккан. Компанияны Хабибула Абдукадыр менен байланышы бар, коомчулукка белгисиз, Германиянын катардагы эки жараны түптөгөн.
Бул макала коомчулуктун көңүлүн бурган жана Ташкенттин ошол кездеги мэри Жахонгир Артыкхожаев ага реакция кылууну эп көргөн. Ал 2019-жылдын январындагы басма сөз жыйынында мындай чоң долбоорду аты-жыты дээрлик белгисиз фирмага берүү тууралуу чечимди коргоп чыккан.
"Бул компания кечээ түзүлгөнбү, андан мурунбу … Аларды ким, акчасы кайдан деп суроо биздин компетенциябызга кирбейт… Эгер биз ар бир инвестордон анын бенефициарын сурай берсек, Өзбекстандын дарбазасын жаап койсо болот. Бул жакка эч ким келбейт”, - деп айткан баш калаанын ошол учурдагы жетекчиси.
Өзбекстан өз дарбазасын кимге ачканы жыл айланбай белгилүү болгон: Абдукадыр үй-бүлөсүнүн жана анын ыктымал аткезчилик империясы тууралуу “Азаттык” радиосунун, OCCRP жана “Клооптун” иликтөөлөрүнүн биринчи бөлүгү жарыяланган.
Эми Hyper Partners компаниясынын артында Абдукадыр үй-бүлөсү турганынан эч кандай күмөн жок. Корпоративдик документтерге ылайык, бул фирманы “Ташкент-Сити” үчүн гана эмес Өзбекстандагы бир нече бажы терминалдарын, Жизак облусундагы цемент заводу сыяктуу үй-бүлөнүн башка инвестициясында дагы холдинг компания катары пайдаланышкан.
Hyper Partners - коомчулукта бул үй-бүлөгө таандык деп таанылган жана Айеркен Саймаитиден он миллиондогон долларларды алып турган бир нече компаниянын, анын ичинде “AKA Груп” менен “AKA Петролеумдун” дареги катары көрсөтүлгөн Германиядагы соода комплексинде катталган.
Өзбекстанда Hyper Partners компаниясынын "туунду" ишканасынын дареги жана электрондук почтасы Абдукадырлардын башка бир нече компаниясынын даректерине дал келет.
Hyper Partners расмий түрдө Мустафа Палванга таандык. Ал Абдукадырлардын үй-бүлө мүчөсү болушу мүмкүн. Немистердин корпоративдик реестирине ылайык, ал бул үй-бүлөнүн Лондондун түштүк-батышындагы Кумби-Парктагы жети уктоочу бөлмөсү бар ак сарайында катталган. Палван деген фамилияны Хабибула Абдукадыр, анын уулдары жана аялдарынын бири колдонуп жүрөт.
"Алар асманда жүрүшөт"
Өзбекстандын баш калаасындагы "Ташкент-Ситинин" карама-каршы тарабындагы эски районду да кайра куруу пландалган.
2018-жылы июнда жергиликтүү Elegant Perspective компаниясы шаардык бийликке “Мирабад-Сити” деп аталган райондун концепциясын сунуш кылган. Компаниянын ээси Махира Ташхожаева жергиликтүү басылмага мурдагы аким ага пландоо иштерин баштоого уруксат бергенин айткан.
Ташхожаева керек болсо үйлөрү түрттүрүлө турган жергиликтүү тургундар менен да жолугушууларды өткөрө баштаган.
Бирок бир нече апта ичинде баары өзгөрүп кеткен. Администрация курулушту жүргүзүү укугун аты-жыты белгисиз Hyper Finance Group компаниясына өткөрүп берген.
"Бул эми татаал маселе, эстеген сайын ыйлагым келет", — деди бийликтин чечимин өзгөртүү аракетинен эч майнап чыкпаганын айткан Ташхожаева.
“Мындай адамдар биз жүргөн жерде жүрбөйт. Алар карапайым жумушчуларга жолугуу үчүн чаң уюлгуган курулушка келмек беле? Алар булуттун үстүндө жүрүшөт", - деди ал Hyper Finance Group компаниясынын өкүлдөрү жөнүндө.
2018-жылы сентябрда Ташкенттин мэри Hyper Finance Group компаниясына президент Мирзиёевдин августтагы чечимине таянуу менен мамлекеттик жерден кошумча тилке бөлүп берген. Долбоорго 30 эмес, 50 гектар жер бөлүнгөн. Бул компания жер тилкесин алгандан кийин анын өкүлү үйлөрү бузула турганына нааразы болгон жергиликтүү тургундардан кача баштаган.
14-сентябрда кыжыры кайнаган тургундар компаниянын атынан сүйлөшүүгө келген Фарход Таштемировдун айланасына топтолгон. Таштемиров тургундарга эмне себептен үй-жайынан ажырап жатканын түшүндүрмөк.
"Заманбап шаар куруш керек", — деген ал ачууланган элге кайрылып.
Таштемиров жаалданган адамдарга жооп катары президент Мирзиёевдин чечимин эске салган.
“Президенттин токтому бар”, - деп айткан ал.
Чогулгандарга ал сөз өткөн эмес. "Укугуңар жок!", — деп кыйкырган алардын арасындагы бир аял.
Бул окуя 2018-жылы ноябрда Би-Би-Синин өзбек кызматынын Hyper Finance Group компаниясынын айланасындагы сырдын көшөгөсүн ачкан документалдуу тасмасына да камтылган. Иликтөө көрсөткөндөй, компаниянын акциясынын көзөмөл пакети шотландиялык 77 Corporation фирмасынын колунда болгон. Бул компания кеминде 3300 юридикалык жак көрсөтүлгөн дарекке катталган.
Hyper Finance Group компаниясынын экинчи акционери дагы коомчулукка дээрлик белгисиз. Би-Би-Си аны эч кимге белгисиз Өзбекстандын Зафар Мамажонов аттуу жараны деп аныктаган. Репортаж жарыялангандан кийин Мамажонов Hyper Finance Group компаниясындагы өз үлүшүнөн баш тарткан.
Кийинки жылдары Hyper Finance Group компаниясынын артында турган инвесторлор табышмактуу бойдон калып, долбоор дээрлик токтоп калган.
"Кайра тынчып калды, — деген жергиликтүү аялдардын бири. — Үйлөрдү бузууга каршы петицияга кол койгонбуз, ошондон бери эч нерсе белгисиз".
Жаңы илинчектер
Жаалданган топко каршы турган Таштемиров өзү каалабаса да журналисттерге байкоосуздан Hyper Finance компаниясынын сырын ачууга көмөктөшкөн. Ошол маалда ал Ташкенттин борборундагы Miran International мейманканасын да башкарган.
Miran деген бренд Абдукадыр үй-бүлөсүнө таандык. Демек, Таштемиров алардын түздөн-түз өнөктөшү.
Таштемиров "коммерциялык сырга" таянып, үй-бүлөнүн долбоорлору менен байланышы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Ал Өзбекстандын мыйзамында кимдир бирөөнү "ага, анын мүлкүнө же кызыкчылыгына зыян тийгизип коюшу мүмкүн маалыматты берүүсүн" милдеттендирген талап жок экенин белгиледи.
Журналисттер Би-Би-Синин иликтөөсүнөн кийин компаниянын түзүмүндө эмне өзгөрүү болгонун карап отуруп Абдукадырлар менен Hyper Finance Group компаниясынын дагы бир байланышын тапкан. Жаңы акционерлердин катарына Абдукадыр үй-бүлөсүнүн өнөктөшү жана анын акча адалдоочусунан миллиондогон доллар алган Дилшат Артыштын түркиялык компаниясы кирген.
Илинчегин тапкан соң журналисттер Hyper Finance Group менен байланышы бар бир катар кишилерге кайрылып, ондогон ички документти алышты.
Алар изилдеп чыккан документтердин арасында уюмдун схемасы бар. Андан “Мирабад-Сити” долбооруна кимдер катышканын көрүүгө болот. Ошол жерде Абдукадырлардын Tashkent Construction Development аттуу компаниясы бир эле учурда буйуртма берген тарап, ошол учурда негизги жалданма ишкана (подрядчик) деп көрсөтүлгөн.
Курулушту жүргүзүү укугун Hyper Finance Group алса да, схема бул долбоор башында Абдукадырдын үй-бүлөсүнүкү экенин күбөлөп турат. Бул Абдукадырдын үй-бүлөсү “Мирабад-Сити” долбооруна түздөн-түз катышарын көрсөткөн биринчи документалдык тастыктама болуп калды.
Абдукадыр үй-бүлөсүнүн “кол чатыры”
Ички документтер башка дагы сырларды ачууга өбөлгө болду.
Алардын арасындагы апталык отчеттор Hyper Finance Group “Мирабад-Ситини” гана эмес, башка дагы долбоорлорду башкарганын айгинелейт. Алар байыркы Кокон шаарындагы эки мейманкана, туристтик жана маданий борбор, Өзбекстандын өкмөтүнүн колдоосу менен курулган, Абдукадырлардын немис фирмасына таандык Hyper Partners ээлик кылган бажы терминалдары.
Бул долбоорлор түздөн түз Абдукадырларга таандык же алардын үстүнөн үй-бүлөнүн ар кайсы компаниялары иштеген болушу мүмкүн. Бул жагдай Hyper Finance Group Абдукадырлардын барандуу инвестицияларын башкарган “кол чатыр” компаниясынын ролун аткарарын ишарат кылып турат.
Hyper брендинин аркасы менен Абдукадырлар француздардын мейманкана оператору Accor менен чогуу иш кылууга жетишкен.
Accor жарыялаган пресс-релизге ылайык, бул компания менен “Hyper компаниялар тобу” менен кызматташтык тууралуу келишимге кол койгон. Анын шарттарына ылайык, Самарканддагы Абдукадырларга таандык Registan Plaza отели Mövenpick деп өзгөрөт. Ал эми үй-бүлөнүн Ташкенттеги азыр оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан Miran International отели Swissôtel болуп ачылат. Макулдашууда үчүнчү отел Ташкенттин курорттук аймагындагы суу боюнда салынары көрсөтүлгөн.
Пресс-релизде Accor компаниясынын аткаруучу директору Алексис Делароффдун сөзү камтылган. Ал анда компания үчүн “өзгөчө күнгө” байланыштуу кубанып турганын айткан. “Биздин өнөктөштөргө мындай ишеними үчүн ыраазычылык билдирем жана келечекте дагы көптөгөн кызыктуу долбоорлорду ишке ашыра аларыбыз деп үмүттөнөм”, - деп айткан ал.
Расмий түрдө Accor компаниясы Абдукадырларды өзбекстандык өнөктөштөрү катары көрсөтүшкөн эмес. Accor журналисттерге жөнөткөн комментарийинде компания үч өзбек мейманканасы менен франшиза келишимин түзгөнүн, алардын бири Абдукадырлар ээлик кылган Registon Plaza компаниясына таандык экенин билдирди. Accor бул үй-бүлө менен кызматташарын четке каккан жок.
Колумбия университетинин Борбор Азия боюнча адиси жана саясат таануучу Александр Кулинин айтымында, Accor сыяктуу компания ачык эмес корпоративдик түзүмдөр менен кызматташканда “эреже катары, алдыңкы практиканын көз карашынан алганда, алар тарабынан кошумча текшерүүлөр жана кылдаттык болушу керек”.
Бул Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдө өзгөчө маанилүү.
“[Бул] өлкөдө кадимки Google деле ири коррупциялык схеманын таржымалын ачыкка чыгарып коёт, - деди Кули. - Адатта бул жагдай сиз кызматташа турган жергиликтүү контрагенттердин баарын комплекстүү текшерүүдөн өткөрүү керек дегенди билдирет”.
Accor журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берип, “мейманканалардын кожоюндарына карата контрагенттерди текшерүү процедурасын өткөргөнүн” жана компания “колдонууга жарамдуу эл аралык санкциялык режимдерди жана ачык булактардагы сот чечимдерин анализдеген беделдүү эл аралык дью-дилиженс агенттиктеринен маалымат аларын” билдирди.
Компания OCCRP уюмунун Абдукадыр үй-бүлөсү тууралуу буга чейинки макалаларынан “кабардар” экенин кошумчалады. Буга байланыштуу кошумча комментарий берген эмес.
Таасирдүү өнөктөш
Ушунча долбоорлорду жүргүзгөнүнө караганда Hyper Finance Group кесипкөй жетекчилер башкарган ири ишканадай таасир калтырат.
Бирок 2018-жылдагы ички долбоор түрүндөгү документтерде башкарууга байланыштуу жөнөкөй маселелер бар экенин көрүнөт: мисалы “жолугушуулар кокустан эле өткөрүлөт, даярдык да жок, документация да жок”, “жалпы стандарттар жана процедуралар сакталбайт, аларды эч ким түшүнбөйт”, “офис-менежер, катчы жок”, керек болсо жетекчилер үчүн “чай демдөөнү архитекторлорго [тапшырышат]”.
Hyper Finance Group компаниясынын өзүнүн сайты жок сыяктанат. Анын интернеттеги мурдагы сайты бир топ жылдан бери иштебейт. Мирабад районунун тургундары компанияны да, анын өкүлдөрүн да таба албай убара чегип жүрүшкөнүн айтып даттанууда.
Коопсуздугунан улам аты-жөнү ачык айтылбаган, кырдаалдан кабары бар кызматкердин айтымында, Абдукадыр үй-бүлөсүнүн бир дагы мүчөсү Hyper Finance Group компаниясынын күнүмдүк ишмердигине аралашкан эмес. Бул булактын айтымында, Өзбекстандын Фергана облусунан чыккан Аскор Кодиров аттуу аткаминер компанияда башкы ролду ойногон. Аны бетиндеги тырыктарынан улам оңой эле тааныса болот.
Кодировдун Абдукадыр үй-бүлөсү менен башка да байланыштары бар. Ал AKA Group Intl деп аталган Өзбекстандагы компаниянын кожоюну катары көрсөтүлгөн. “АКА” деген аталыш Абдукадыр үй-бүлөсүнүн негизги компанияларында да бар.
Бирок, балким, журналисттерге комментарий бербеген Кодировдун бул үй-бүлө менен дагы тыгызыраак карым-катышы болушу мүмкүн. Бир булактын айтымында, ал президент Мирзиёевдин таасирдүү күйөө баласы Отабек Умаровдун “кол алдында иштейт”.
Журналисттер аныктагандай, Hyper Finance Group компаниясынын учурдагы бир жана мурдагы бир акционери Умаровдун кишилери болушу мүмкүн.
Өзбекстанды башкарып жаткан үй-бүлөнүн таасирдүү мүчөсүнүн Абдукадырлар менен байланыш бар экени таңкалычтуу деле эмес. Өкмөттөгү аткаминерлер менен мындай биримдик чөлкөм үчүн кадыресе көрүнүш. Аймактагы мындай “төрө” ишенимдүү калканч болуп берет. Бир катар булактардын маалыматына ылайык, Умаров Абдукадыр үй-бүлөсүн алардын башка бир ишканасында да “көмүскө” колдоп турат. Бул үй-бүлөгө мурда “Абу-Сахий” деп аталган ири базар таандык.
Hyper Finance Group компаниясында болсо Умаровдун болжолдуу ишенимдүү адамдарынын бири - бул компаниянын директору, өзбек жараны Исмаил Абдукадиров (Анын Абдукадыр үй-бүлөсү менен туугандык байланышы жок) отурат. Ал ишкананын 36 пайыз акциясына ээлик кылат.
Абдукадиров Умаровго иштей турганын кырдаалдан кабары бар, бири-бирине көз карандысыз эки булак билдирди. Коопсуздукка байланыштуу алардын аты-жөнүн ачык жарыялай албайбыз. Алардын бири Абдукадиров Умаровдун кызыкчылыгы үчүн Hyper Finance Group компаниясынын үлүшүнө ээлик кыларын айтып берди.
Hyper Finance Group компаниясынын кожоюндарынын бири Зафар Мамажонов Умаровдун башка бир өнөктөшү, балким, анын компаниядагы мурдагы ишенимдүү адамы болушу мүмкүн. Анын аты аталган Би-Би-Синин репортажынан кийин ал тууралуу маалымат компаниянын документтеринен жок болуп кеткен.
Көп булактардын айтымында, Мамажонов менен Умаров кичинесинен бери дос. Экөө тең 1984-жылы туулган. Социалдык тармактардагы маалыматка ылайык, экөө тең Өзбекстандын чыгышындагы Кокон шаарында чоңоюп, бир мектепке барышкан.
Кыязы алардын азыр да байланышы бар. 2020-жылдын май айында Инстаграмда жарыяланган билдирүүлөрдүн биринде Мамажонов Умаровду туулган күнү куттуктап, комментатордун атынан эң мыкты каалоо-тилектерин жеткирип коюуга убада берген. Башка жерлерде Умаровдун жылкыларына суктанганын жазат. Экөө тең Өзбекстандын дзюдо федерациясынын жана эрежесиз эр уруш боюнча коомунун мүчөлөрү.
Мындан тышкары Мамажонов Өзбекстандагы Driver’s Village автосалондор түйүнүнүн 50 пайыз акциясына ээлик кылат. Анын директорунун жана компаниянын калган акцияларынын кожоюнунун Умаровдун коомчулукка ачык чыга бербеген бай ишкер бир тууганы Ойбек менен байланышы бар. Hyper Finance Group компаниясы түзүлгөндөн бери анын үлүшүнө ээ болуп келе жаткан сырдуу шотландиялык 77 Corporation фирмасынын аталышы Умаровдун сүйгөн санына үндөшүп турат.
Умаров 7Saber аттуу кийим чыгаруучу компанияны алга сүрөп келет. Анын сайтындагы маалыматка ылайык, Умаров “нумерологияда 7 санына төп келген спорттогу кайраттын жана эрктин философиясын чагылдырган” брендди иштеп чыккан.
Умаровдун телефон номери да жалаң жети санынан турса, бир тууганынын номурунда да бүтүндөй жети, анан жалгыз үч саны кездешет. Эки бир туугандын паспортундагы жеке номерлерде да жети саны көп. Кыязы ал дагы буйрутма менен жасалган көрүнөт.
Компаниялар деле ушундай эле маанайда аталган. Ойбекке K7 Hotel Management деп аталган компания жана OU7 холдинги таандык. Отабек бул брендди дайыма колдонуп, жада калса аргымактарына чейин кооздогонду жакшы көрөт.
Журналисттердин суроолоруна Ойбек Умаровдун атынан Фарход Таштемировдон жооп келди. Таштемиров Абдукадырлардын кызматкери жана жергиликтүү тургундар менен талаш-тартышта Hyper Finance Group компаниясынын кызыкчылыгын коргогон. Ал өзүнүн Абдукадырлар менен байланышы тууралуу суроолор сыяктуу эле бул маселеде да “коммерциялык сырды” жүйө кылуу менен комментарий берүүдөн баш тартты.
“Муну кантип жасашканын айта албайм”
Кыязы Hyper Finance Group олуттуу таасирге ээ. Кандай масштабда экенин айтуу кыйын, бирок жада калса Ташкенттин аткаминерлери да компанияга катылуудан коркушат.
Жергиликтүү коомчулук шайлаган лидер Фуркат Мавлянов “Мирабад-Сити” долбоору иш жүзүндө токтоп калганын журналисттерге билдирди.
“Бул үйлөрдү бузушпайт”, - деди ал. Мавлянов Hyper Finance Group компаниясынын колунда курулуш жүргүзүү укугу болгону менен үйдүн ээлерин мажбурлап чыгарып салууга болбой тургандыгын түшүндүрдү.
Анын айтымында, Hyper Finance Group райондо бир катар чектөөлөрдү киргизген. Мисалы, андагы тургундарга үйлөрүн сатууга же жер тилкесинде курулуш жүргүзгөнгө болбойт. Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда мындай чектөөлөргө нааразы болгон.
Журналисттер Мавляновдон жеке компания ушунча бийликке кандайча ээ болуп калганын, анын артында ким турарын сураганда ал тынчсыздана түштү жана “телефондон сүйлөшчү сөз эмес” деп жооп кайтарды.
“Эгер сиз журналист болсоңуз, анда бул адамдар кимдер экенин териштиргиле, ошондо дароо түшүнөсүз. Мен майда-чүйдөсүн айта албайм. Алар тыюу салышты, ал дагы эле күчүндө, мен алар муну кантип жасашканын айта албайм”.
Ташкенттин мэринин архитектура жана курулушка жооп берген биринчи орун басарынын жардамчысы Бахтиёр Рахмонов Hyper Finance Group жер тилкеге ”вето” койгонун ырастады. Кандайча андай болушу мүмкүн деп сураганда, ал трубканы дароо коюп салды.
“Мирабад-Сити” долбоору ордунан жылбай турат. Бирок Hyper Finance Group анча алыс эмес жерде дагы бир долбоорду ишке ашырууда.
90 миллион долларга бааланган "Истамбул-Сити" долбоору ондон ашык көп кабаттуу үйдү камтыйт. Долбоор аяктоо алдында турат. Анын Instagram баракчасында батирлер сатыла баштады.
Дагы караңыз Көмүскөдөгү магнат Абдукадырдын үй-бүлөсү Өзбекстанда бийликке кантип өнөктөш болуп калды? Дагы караңыз Абдукадырлар Борбор Азияда кантип бизнес империя курду? Дагы караңыз Иликтөө боюнча суроо-жооп