Окурмандарга бул татаал окуяны түшүнүүгө жардам берүү үчүн биз Хабибула Абдукадыр жана анын үй-бүлөсү тууралуу суроо-жооптордун тизмесин түздүк.
Биздин иликтөөбүз Хабибула Абдукадырга, анын үй-бүлөсүнө, алардын Борбор Азия чөлкөмүндө жана анын сыртында саясий байланыштары бар күчтүү инвесторлорго кантип айланганына арналат.
Аймактын лидерлери аларды кучак жайып тосуп алышууда. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев алардын Ташкенттин так ортосундагы курулуштарын кыдырса, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аларды инвестор катары "кол чаап" тосуп аларын билдирди.
Бул окуялар коррупция, арам акчаны адалдоо жана Абдукадырлардын көмүскө соода монополиясы тууралуу резонанстуу журналисттик иликтөөлөрдөн кийин орун алып жатат.
Окурмандарга бул татаал окуяны түшүнүүгө жардам берүү максатында биз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн жана анын ишмердиги тууралуу суроолордун жана жооптордун тизмесин түздүк.
1. Хабибула Абдукадыр жана анын туугандары деген кимдер?
Абдукадырлар - Кытайдан чыккан этностук уйгурлар. Бул үй-бүлөнүн мүчөлөрү бир нече өлкөнүн жарандыгын алган. Алардын Алматыда, Лондондо, Дубайда жана Вашингтондун четинде кыймылсыз мүлктөрү бар.
Үй-бүлөнүн башчысы Хабибула Абдукадыр - төрт бир туугандын улуусу. Ал тууралуу буга чейинки Борбор Азиядагы коррупция, арам акчаны адалдоо жана саясий калкалоо тууралуу иликтөөбүздө айтып бергенбиз.
Абдукадырлар компаниялардын эл аралык түйүнүн түптөп, ал компаниялар аркылуу булагы күмөн жараткан каражаттарды инвестиция катары салышат. Бул ишканаларда үй-бүлөнүн мүчөлөрү, анын ичинде Абдукадырдын бир туугандары, алардын балдары жана башка жакындары ар кандай үлүшкө ээ.
Абдукадырдын жакын туугандары Хадир, Палван жана Айбибула деген сыяктуу бир нече фамилияларды колдонушат. Биз бул иликтөөдө аталган үй-бүлөгө байланышкан бардык адамдарды Абдукадырлар деп атайбыз. Анткени бизнес империянын лидери - бул Хабибула Абдукадыр.
2. Буга чейинки иликтөөлөр Абдукадырлардын байлыгынын булактары боюнча эмнелерди аныктаган?
2019-жылы Кытайда туулган уйгур тектүү Айеркен Саймаити журналисттер менен байланышып, Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын адалдаганын айтып берген.
Саймаити өз сөзүн бышыктоо үчүн көптөгөн документтерди берип, бул үй-бүлөнүн башчысы Хабибула Абдукадыр аны дүйнө жүзүндөгү банк эсептерине жүз миллиондогон долларларды которуу үчүн жалдаганын билдирген. Мындан тышкары аталган каражаттардын булагы - коррупциялашкан чиновниктер менен өнөктөштүккө негизделген ыктымал аткезчилик империясы экенин айтып берген.
Саймаитинин айтымында, Абдукадырлар ири көлөмдөгү кытай товарларын Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга жана андан ары башка өлкөлөргө сатуу үчүн жөнөтүп, жүз миллиондогон доллар киреше көргөн. Ал Абдукадырларга кыргыз бажысындагы жогорку даражалуу аткаминер жардам бергенин да айтып берген. Саймаитинин маалыматын башка булактардан ырастаган журналисттер, бажы кызматынын төрагасынын (мурдагы) орун басары пара үчүн мекемени дээрлик Абдукадырлардын көзөмөлүнө өткөрүп бергенин таап чыгышкан. Алардын жүгү тоскоолдуксуз өтүп, атаандаштары болсо бут тосууга дуушар болгон.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун, OCCRP жана “Клооптун” 2019-жылдагы “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” деген иликтөөсүндө айтылган. Журналисттер тапкан фактыларга нааразы болгон кыргызстандыктар көчөгө чыгышкан. Биздин 2020-жылы жарыяланган “Матраимов падышалыгы” деген иликтөөбүздө Абдукадырларга жардам берген кыргыз бажысынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу сөз болгон.
Хабибула Абдукадырга расмий айып тагылган эмес. Ал мурдагыдай эле журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Бирок бул жолу алардын үй-бүлөсүнүн почта дарегинен иликтөө боюнча суроолорго жооп кийинчерээк берилет деген кат келди.
3. Хабибула Абдукадыр аткезчилик схемасын уюштурган жана бажычыларды паралаган деп шек саноого эмне негиз боло алат?
Абдукадырлардын акчасын адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаити бул схема кандай иштегенин кеңири айтып берген. Анын сөздөрүн башка булактар, анын ичинде мурдагы жана азыркы бажычылар, экс-министр, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары, ошондой эле жүк ташуучу унаалардын айдоочулары тастыктаган. Алар аталган схемага Хабибула Абдукадыр, же болбосо анын үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн компаниялар катышканын айтып берген.
Абдукадырлар журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес жана айыптоолорду расмий четке каккан жок.
Иликтөө жарыялангандан кийин Абдукадырдын кыргыз бажысындагы өнөктөшү Райымбек Матраимов коррупциялык иштерди жана Кытайдан Өзбекстанга жана Тажикстанга бараткан жүк ташуучу унаалардын бажыдан өтүүсүн тездеткени үчүн “сый акы” алып жүргөнүн мойнуна алган.
Ага чыккан сот чечиминде схеманын бенефициары Хабибула Абдукадыр болгону айтылбайт. Бирок андагы маалыматтар, мисалы, бажы пункту жана сөз болуп жаткан мезгил - иликтөөдө айтылган маалыматтарга дал келет.
2020-жылы декабрда АКШ Матраимовго каршы санкция салган. Расмий маалыматта Абдукадыр жөнүндө айтылган эмес, бирок Матраимов ыктымал аткезчилик схемасына катышканы тууралуу бул маалыматта сөз болгону буга чейин айткандарыбызды тастыктап бере алат.
4. Абдукадырлардын компаниялары аткезчилик менен алектенгени расмий тастыкталды беле?
Биз Абдукадырлардын компанияларына таандык жүктөрдүн бажыда тоскоолдукка туш болгону тууралуу бир нече гана учурларды билебиз.
- Кытайдын бажысы бул үй-бүлө көзөмөлдөгөн Xinjiang Abu Sahiy Import and Export Trade Co. компаниясына декларацияланбаган жана контрафакт товарларды ташып баратканы үчүн беш жолу айып салган.
- 2016-жылы Казакстандын соту Абдукадырлардын компаниясы Кытайдан Өзбекстанга ташылып бараткан товарларга туура эмес документтерди көрсөткөн деген чечим чыгарган.
Биздин билишибизче, бул учурлар тергөөнүн башталышына негиз болгон эмес жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга алып келген эмес.
5. Абдукадырлардын акчасы сыртка чыгарылганына кандай далилдер бар?
Саймаити журналисттерге байланышка чыкканда, анын айтымында, өзүнүн иш берүүчүсү Хабибула Абдукадыр үчүн сыртка чыгарып кеткен каражатка байланыштуу көптөгөн документтерди берген. Ал акча которууларды негиздөө үчүн колдонгон жеке жазууларды, таблицаларды, жасалма келишимдерди, ошондой эле транзакциялардын түп нускасын, банктын тастыктамаларын жана квитанцияларды өткөрүп берген.
Журналисттер Саймаити айтып жаткан сумманын болжол менен жарымына далил боло алган документтердин аныктыгын ырасташкан. Далилдер көз карандысыз булактардан да табылган:
- "Азаттык" радиосунун журналисттери соттун өтүнүчүнүн негизинде Саймаитинин документтериндеги көптөгөн транзакцияларды тастыктаган банктык жазууларды ала алган.
- Эл аралык иликтөөчү журналисттердин консорциумуна Саймаитинин күмөн жараткан ондогон акча которуулары тууралуу көзөмөлдөөчү банк кызматкерлери АКШнын Каржы министрлигине жиберген беш отчету тийген.
- Биздин иликтөөдөн кийин кыргыз парламентинде түзүлгөн депутаттык комиссия Саймаити өлкөдөн ири суммадагы акча чыгарганын, анын көлөмү журналисттер ойлогондон да көп экенин тастыктаган. Комиссия Саймаити Хабибула Абдукадыр менен “иштегенин”, адалданган акчанын булагы Ташкенттеги “Абу Сахий” базары экенин, аталган базар аткезчилик схеманын акыркы чекити болгонун да белгилеген.
6. Кимдир бирөө жазаланганбы?
Биз иликтөөлөрдүн алгачкы бөлүгү жарыялангандан кийин Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бул схемаларга аралашканына нааразы болгон кыргыз жарандары акцияга чыгышкан. Матраимов колдоо көрсөткөнү кабарланган саясий партия парламенттик шайлоодо экинчи орунду алгандан кийин өлкөдө ири нааразылык тутанып, анын натыйжасында шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Матраимов коррупция боюнча айыптарды мойнуна алган жана АКШнын санкцияларына туш болгон.
Кыргыз парламенти түзгөн комиссиянын маалыматына ылайык, немис тергөөчүлөрү кыргыз бийлигине кайрылып, Саймаитиге таандык компания тууралуу маалымат сурашкан. Балким, алар Саймаитинин Абдукадырлардын Германиядагы фирмаларына акча которууларын текшерген болушу мүмкүн. Текшерүүнүн жыйынтыгы жарыяланган жок.
Бизге белгилүү болгондой, Кыргызстанда же Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө Хабибула Абдукадырга жана анын туугандарына каршы расмий иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Атүгүл, бул журналисттик иликтөө көрсөткөндөй, үй-бүлө инвестор катары чөлкөмдөгү ишмердигин жана таасирин кеңейте алган.
7. Бул инвестициялардын артында чындыгында Абдукадырлар турарын биз кайдан билебиз?
Журналисттер бир жылдан ашык убакыт бою Абдукадырлардын дүйнө жүзүндөгү ишмердигин иликтешти. Алар бул үй-бүлөнүн негизги мүчөлөрүнө таандык ондогон компанияларды табышты жана алардын активдерин жер кадастрлары, өкмөттүк документтер жана башка булактар аркылуу талдап чыгышты.
Бул долбоордо компанияларга жана активдерге кимдер ээлик кылары тууралуу бардык маалымат аталган расмий булактардан алынган (эгер башкача көрсөтүлбөгөн болсо).