Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 18 жылга кесилди. Мындан тышкары анын мал-мүлкү конфискацияланып, өмүр бою мамлекеттик иштерге аралаша албайт.
Сот аны мамлекеттик чыккынчылык, бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, бийликти жана кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу боюнча күнөөлүү деп тапты.
Мындан тышкары Масимовдун үч орун басарына да чечим чыкканы белгилүү болду. Ага ылайык, Ануар Садыкулов 16 жылга, Даулет Ергожин 15 жылга соттолсо, Марат Осипов үч жылга эркинен ажыратылды. Сот чечими чыккан төрт адам тең мамлекеттик наамдарынан, генерал чининен ажыратылды.
Мындан тышкары мамлекеттин эсебине 10 млрд. теңге, 24 млн. АКШ доллары кайтарылганы кабарланды.
Масимов 2022-жылы Казакстандагы кандуу январь окуясында кызматтан алынып, 6-январда камалган. Бул иш боюнча анын орун басарлары Ануар Садыкулов, Даулет Ергожин жана Марат Осипов да камалган. Ал эми Масимовдун биринчи орун басары, экс-президент Назарбаевдин инисинин баласы Самат Абиш да кызматтан алынган. Бирок ага айып тагылган эмес.
Масимов туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары белгилүү. Кытайда туулган, кийин казак жарандыгын алган 57 жаштагы Карим Масимов коңшу өлкөнүн атайын кызматын 2016-жылдан тарта жетектеген. Ага чейин 2007-2012-жылдары жана 2014-2016-жылдары казак өкмөтүн башкарган.
Дагы караңыз
Орусия Кыргызстандан сүт азыктарын ташууга тыюу салды. Себеби эмнеде? "Тыңчыларды азайтуу керек". Германия орусиялык дипломаттарды чыгарды Ооганстандагы туруксуздук Орусия үчүн ыңгайлуубу? Лениндин ой чабытынын оош-кыйыш жактары жөнүндө