Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Ооганстандагы туруксуздук Орусия үчүн ыңгайлуубу?


Ооганстанга коңшу мамлекеттердин башчыларынын жыйыны. Ташкент. 7-март, 2023-жыл
Ооганстанга коңшу мамлекеттердин башчыларынын жыйыны. Ташкент. 7-март, 2023-жыл

"Орусия Борбор Азиядагы таасирин сактоо үчүн Ооганстанды шылтоолойт"

The Diplomat сайты 21-апрелде Орусиянын Ооганстандагы саясатын талдаган макала чыгарды. Автор, Борбор Азия боюнча изилдөөчү София Нина Бурна-Асефи Москванын ал өлкөдөгү кызыкчылыктарын, “Талибандын” Орусияга мамилесин талдап, алдыда кандай өнүгүүлөр күтүп жатканын болжолдойт.

Башында ал географияга көз чаптырууну сунуш кылып, Орусия көптөн бери үстөмдүк кылган Борбор Азия Ооганстанга жакын жайгашканын, Кремль регионду артыкчылыктуу кызыкчылыктардын чөйрөсү деп эсептерин эске салат. Демек, геосаясий реалдуулук ушул фактыга байланган деген жыйынтык жасайт.

Кабул
Кабул

"Ооганстандагы, өзгөчө Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан менен чектешкен түндүк провинциялардагы бейстабилдүүлүк Орусиянын кеңири регионалдык максаттарына дал келет. Бул көрүнүш Москва жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) коопсуздук чөйрөсүндөгү, аскерий кызматташтыкты кеңейтүүнү, терроризмге каршы аракеттерди актоого шарт түзөт", - деп улантат автор. Андан тышкары альянска кирбеген Ташкент жана Ашхабад менен аскердик кызматташууну өөрчүтүүгө жана Ооганстанды ушундай кейиштүү абалда калтырып кетти деп АКШ менен НАТОго доомат артканга дагы бир шылтоо болууда.

Изилдөөчү Орусиянын Кытай менен да кызматташуусуна көңүл бурат. Анын айтымында, Москва Борбор Азиядагы чек арада машыгуу жүргүзүүгө жардам берип келсе, Кытай көбүрөөк дипломатиялык ролду ойнойт.

Макалада Орусиянын чөлкөмдөгү аракеттери Крымды аннексиялап алган, “Бир кур бир жол” демилгеси башталган 2014-жылдан кийин күч алганын белгилейт. Андан ары Ооганстан менен иштешүү каналдары катары регионалдык уюмдарды колдонгону айтылып, ЖККУ жана Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) аталат. Андан тышкары Орусия регионалдык түрдүү жыйындарды өткөрүп келет.

Мындан тышкары макаланын автору Орусиянын тышкы саясатынын жаңы концепциясында Ооганстан Борбор Азияда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн маанилүү экени белгиленгенин жазат.

Ошондой эле ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы, орусиялык генерал Анатолий Сидоровдун сөздөрү келтирилет. Ал быйыл 14-февралдагы маалымат жыйынында “Борбор Азиядагы стабилдүүлүккө эң чоң коркунуч Ооганстанда отурукташкан көптөгөн экстремисттик топтордон жаралып жатканын” билдирген. Анын айтымында, Тажикстан менен чектеш аймактардагы жоочулардын саны өскөн.

Ал эми "Талибандын" Орусияга мамилесин талдап, Бурна-Асефи талибдер Москва менен дипломатиялык алака түзүү менен эки нерсени гана көздөй турганын жазат. Биринчиден, Ооганстанды башкарып жаткан кыймыл эл аралык коомчулук менен жуурулушканга умтулат, экинчиден, алар өлкөнүн жана коңшуларынын коопсуздугун кепилдөөгө жөндөмдүү саясий күч катары көрүнгүсү келет.

"Бирок талибдер ички жаңжалдарды өз алдынча жөнгө сала албаган ишеничсиз өнөктөш экенин далилдеген", - деп уланат макала.

Алдыда эмне күтөт деген суроого жооп издеп, автор Ооганстан маселеси Орусияга Борбор Азиядагы коопсуздук иштерине активдүү катышууга жүйө болуп жатканын жазган.

Москва үчүн Ооганстандагы антитеррордук аракеттер региондо аскердик позициясын сактап калууга негиз берет жана анын аймактагы үстөмдүгүн көрсөтөт деген жыйынтыкка келген. Анын пикиринде, мындай мамиле жаңы болбосо да Батыштан айрым демилгелер талап кылынат.

"АКШ аймактагы ролго ээ болгусу келеби же жокпу, чечиши керек. Ооганстандын Орусия, Кытай жана АКШнын коопсуздук максаттары бири-бирине дал келген чөлкөм болуу потенциалы бар. Бирок тараптар мунасага даяр болбосо, сүйлөшүү демилгелеринен майнап чыкчудай эмес", - деп эсептейт изилдөөчү.

Кыргызстанда эмделбей калган балдар арбын

COVID-19 пандемиясынан бери Европада жана Борбор Азияда балдарды эмдөө канчалык маанилүү деген түшүнүк төмөндөдү. Дүйнөнүн 55 өлкөсүндө жүргүзгөн талдоонун негизинде мындай тыянакка БУУнун Балдар фонду келди. Алардын доклады 20-апрелде жарык көрдү. Андагы маалыматка ылайык, 2019-2021-жылдар аралыгында дүйнө жүзүндө 67 миллион бала пандемиядан, куралдуу жаңжалдардан, вакциналарга болгон ишенимдин төмөндөшүнөн жана башка бир катар факторлордон улам пландуу эмдөөдөн өтпөй калган.

Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө
Гепатиттин эки түрүнөн сактаган эмдөө

Баяндамада Европа менен Борбор Азиянын 29 жериндеги абал талданып чыккан. Натыйжада аймакта 931 миңден ашык бала эмделбей калганы ачыкка чыкты. Балдарды эмдөөдөн өткөрүү канчалык маанилүү экенин аңдап-түшүнгөндөр 10% азайыптыр. Талдоого алынган өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө 35 жашка чейинки кишилер жана аялдар бала кезде жасалган вакциналарга азыраак ишенишкенин айтышкан.

Ошентсе да, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү балдарды эмдөө жагынан дүйнөдө эң жогорку көрсөткүчкө ээ.

ЮНИСЕФ вакиналарга болгон ишенбөөчүлүккө жалган маалымат таратуу чоң салым кошконун белгилейт.

"Эмдөөгө болгон ишенимдин төмөндөшү абдан тынчсыздандырат. Эмдөө - адамзаттын эң маанилүү ийгиликтеринин бири. Пандемиядан улам пайда болгон чочулоо, жалган маалыматтан улам көптөгөн адамдын өмүрү коркунучка кептелет", - деди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директорунун орун басары Филипп Кори.

Адистер вакциналарга ишенимдин мындай төмөндөшү 30 жылдан бери байкалбаганын айтышат.

Сөз болгон аймакта эң начар көрсөткүч Босния жана Герцеговина, Кыргызстан, Молдова, Түндүк Македония жана Украинага туура келет. Бул өлкөлөрдө адистер зарыл деген эң керектүү бир да вакцина албаган балдар көп.

ЮНИСЕФ пандемияга чейин же пандемия учурунда төрөлгөн балдар азыр эмдөөдөн өтүүчү куракка жеткенин белгилейт. Иммунизация жадыбалынын бузулушу өлүмгө алып келген илдеттердин чыгышын шарттайт деп эскертет уюм.

Мисалы, отчетто айтылгандай, былтыр дүйнө жүзү боюнча кызамыкка чалдыккандардын саны 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге, балдардын шал оорусуна (полиомиелит) кабылгандардын саны 16% көбөйдү.

ЮНИСЕФ өкмөттөрдү балдардын иммунизациясы үчүн жетиштүү каражат бөлүүгө чакырды.

Клеопатра ынды кара болгонбу?

Би-Би-Си Клеопатра тууралуу Netflix платформасында чыккан документалдык-көркөм фильмде башкы каарманды ынды кара актриса ойногону Египетте кандай нааразылыкка алып келгенин баяндады.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

“Каныша Клеопатра” деген сериал май айында чыкканы жатат. Бир нече күн мурун анын трейлери тартуулангандан кийин авторлор өлкөнүн тарыхын кайра жазып чыгууга аракет көрүүдө деген сынга кабылды. Адвокат Махмуд Ал-Семари атүгүл прокуратурага арыз менен кайрылып, Netflix сервисин Египетте бөгөттөөнү талап кылды. Анын айтымында, долбоордо өлкөнүн нарк-насилдерин бурмалоо, жок кылуунун белгилери бар. Белгилүү археолог, байыркы мурастар боюнча мурдагы министр Захи Хавасс Клеопатра ынды кара болгон деген божомол чындыкка коошпогонун, анын теги грекиялык болгонун айтат. Илимпоздун пикиринде, Netflix египеттик цивилизациянын башатында африкалыктар турган деген бурмаланган маалымат таратып, элдин башын адаштырууда.

Египетти биздин кылымга чейинки 51-30-жылдары башкарган канышанын ролун британиялык Адел Жеймс аткарган. Ал “актерлорду тандоо жакпаса, фильмди көрбөй эле койгула” деп Твиттерге жазды.

XS
SM
MD
LG