Германияда 21-апрелде “Рамштайн” деп аталган форматта Украинаны колдогон өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн кезектеги 11-жыйыны өтүүдө.
Пленардык жыйындын алдында Украина менен АКШнын коргоо министрлери Алексей Резников менен Ллойд Остиндин сүйлөшүүлөрү болду. Резниковдун айтымында, жолугушууда Украинага курал-жарак жеткирүү маселеси, 2023-жылдын аягына чейин колдоо стратегиясы да талкууланат.
Пентагондун башчысы жолугушууну комментарийлеп жатып, Батыштагы өнөктөштөр Украинаны канча убакыт талап кылынса, ошончолук колдой турганын билдирди.
Жыйынга бир күн мурда, бейшембиде Киевге барган НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да катышууда. Ал альянстын негизги максаты Украинанын Орусиянын эч кандай себепсиз басып алуусун жеңип чыгышын камсыз кылуу экенин белгиледи.
"Рамштайн" жолугушуусу – Орусиянын баскынчылыгынын мизин кайтарууда Украинага аскердик жардам көрсөткөн эл аралык коалиция. Ага 50дөн ашык мамлекет, тагырагы НАТО блогунун бардык өлкөлөрү, Евробиримдик мамлекеттеринин көбү жана Азиядагы айрым мамлекеттер мүчө болгон.
Дагы караңыз
World Press Photo Мариуполдо тартылган кадрды жылдын сүрөтү деп таптыБажы кызматы: үч айда аткезчиликке байланыштуу 1200 факт катталды Латвия парламенти 9-майды майрамдоого тыюу салды"Вагнердин" туткунуна түшкөн Маргулан. Казак студенттин окуясыКазакстанда жикчилдикке шектелген топтун үч мүчөсү эки айга камалдыАба ырайы: күн жылыйтОрусиянын армиясы Киевге “Шахед” дрондору менен чабуул жасады