Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:57

World Press Photo Мариуполдо тартылган кадрды жылдын сүрөтү деп тапты


Мариуполдо тартылган сүрөт.
Мариуполдо тартылган сүрөт.

Украиналык фотограф Евгений Малолетка World Press Photo сыйлыгынын 2022-жылдагы жеңүүчүсү болду. Анын 2022-жылдын март айында орус аскерлеринин курчоосунда калган Мариуполь шаарында тартылган эмгеги жылдын сүрөтү деп табылган.

Калыстар тобунун айтымында, сүрөттүн автору Орусия Украинага басып киргендеги адамдардын тарткан азабын бир кадр менен жеткире алган.

Сыйлыкка татыктуу болгон сүрөт орусиялык күчтөрү оорукана менен төрөт үйүн аткылагандан көп өтпөй тартылган. Анда жарадар болгон кош бойлуу аялды куткаруучулар замбилге салып көтөрүп баратышат. Кийинчерээк сүрөттөгү аял каза болгону, баланы да сактап калуу мүмкүн болбой калганы айтылган.

Евгений Малолетка орусиялык армиянын курчоосунда калган Мариуполдогу фотобаяны менен белгилүү болгон. Анын сүрөттөрү көптөгөн дүйнөлүк басылмаларда жарыяланган.

Орус мамлекеттик маалымат каражаттары аткылоо тууралуу маалыматтар жалган экенин айтып, сүрөттөр жасалма жол менен тартылганын билдирген. Бирок сүрөттөрдүн аныктыгы көз карандысыз эксперттер тарабынан далилденген.

Даниялык фотограф Мадс Ниссен Ооганстандан тартылган сүрөттөр сериясы менен "Жылдын сүрөт баяны" номинациясын жеңип алды. Алардын арасында үй-бүлөсү ачкадан өлүп калбашы үчүн бөйрөгүн сатууга мажбур болгон 15 жаштагы баланын да сүрөтү бар.

XS
SM
MD
LG