Улуттук банк валюта базарына дагы 18 млн. доллар сатты

Улуттук банк.

Улуттук банк ушул айда экинчи жолу интервенция жасап, валюта базарына дагы 18 миллион 400 миң доллар сатты. Мындан бир аптадай мурда 46,1 миллион долларды сатыкка чыгарды.

Башкы банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери акча базарына сегиз ирет доллар чыгарылды жана анын жалпы суммасы 371 миллион доллардын ашты.

2022-жылы Улуттук банк он беш жолку интервенцияда 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Улуттук банк январдын аягында Кыргызстандын банктарында 600 миллион доллар бар экенин, анын 40% накталай экенин билдирген.

Дагы караңыз

Бишкек: мектептерге бомба коюлганы жөнүндөгү кабар текшерилип жататАКШ Украинага 325 млн. долларга бааланган аскердик жардам беретКонституциялык сот Баш мыйзамдын талаштуу беренесин чечмеледиМугалимдерди тилдеген интернат директору кызматтан алындыТокмок шаарынын мэри Урматбек Самаев тергөө бүткүчө камакка алынды